“Манас” университети Малазгирт жеңишинин 952-жылдыгын белгилөө мааракесине катышууда


  • 2023-08-26

2023-жылдын 25-августунда Түркиянын Ахлат шаарында Малазгирт жеңишинин 952-жылдыгын белгилөө мааракелик иш-чарасы өтүүдө.

Иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан баштаган университеттин делегациясы активдүү катышып, кыргыз боз үйүн тигип, кыргыз элинин салттуу маданиятын эл аралык коомчулукка даңазалоого, таанытууга салым кошту. Боз үйгѳ кирген меймандарды ректор менен бирге университеттин ѳкүлдѳрү кубануу менен тосуп алып жатышты.

Малазгрит жеңишинин 952-жылдыгын белгилөө иш-чарасынын ачылыш аземине Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты.

Иш-чаранын алкагында ат үстүндө жаа атуу, найза ыргытуу жана күрөш сыяктуу салтуу оюндар уюштурулду.

Аталган иш-чара үстүбүздөгү жылдын 28-августуна чейин уланмакчы.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CwaZTePtC64/?img_index=1

 

    Социалдык медиада бөлүшүү