2023-2024-окуу жылы үчүн Кыргыз-Түрк «Манас” университетине жаңы тапшырган студенттерин жатаканага жайгаштыруунун жыйынтыгы


  • 2023-08-29

Негизги тизмеде орун алган студенттердин жатаканага жайгашуусу

2023-жылдын 4-сентябрынан 29- сентябрына чейин жүргүзулөт.

Белгиленген убакыт арасында себепбтүү келе албаган студенттер ишенген адамынын атына нотариустан алынган ишеним кат (доверенность) аркылуу каттоодон өтө алышат. Кезек тизмесине алынган студенттердин каттоосу 02.10.2023 башталат.

 

СТУДЕНТТЕРДЕН ТАЛАП КЫЛЫНГАН ДОКУМЕНТТЕР:

1.         Студенттик маалымкат (OBİS аркылуу кагаз түрүндө чыгарып алышыңыздар керек).

2.         Медициналык маалымкат КТМУ Ден-соолук борборунан берилет. (Флюорография жыйынтыгы менен кабыл алынат, ж.б. текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин аласыз. (Чет өлкөдөн келген студенттерден кошумча СПИД анализинин жыйынтыгы талап кылынат. Ошондой эле талап кылынган анализдердин өз өлкөсүнөн алып келүүсү сунушталат).

3.         Депозит (2500 сом) жана турак акысы университеттин эсебине банк аркылуу которулгандыгы тууралуу квитанциялар.

4.         2 фотосүрөт (3 см x 4 см өлчөмүндө)

5.         ID паспортунун көчүрмөсү

6.         2 файл

7.         Мамлекеттик каттоо кызматынан жашаган дареги тууралуу маалымкат (адресная   справка) – (КР жарандар үчүн)

8.        Бардык студенттер кайрылууда жарандык абалы тууралуу белгилеген   болсо, жатаканага катталууда тастыктоочу документтери талап кылынат.

  (ажырашуу, жалгыз бой, өлүм, майыптуулук даражасы сыяктуу)

•          Жогорку окуу жайында окуган бир туугандары бар болсо, алардын студенттик      маалымкаттары.

  • : Өзгөчө шарттарга байланыштуу студенттерден кошумча документ талап кылынышы мүмкүн!

ТУРАК АКЫСЫ: (Белгиленген турак акысы 1 жылдык мөөнөт үчүн көрсөтүлгөн)

 

“B” БЛОК

“C” БЛОК

ДАЯРДОО КУРСУНДАГЫ СТУДЕНТТЕР (2-ЖОЛУ ОКУУГАНДАР ДАГЫ)

11.400 СОМ

11.400 СОМ

Даярдоо эркектер негизги тизме 

Даярдоо кыздар негизги тизме

Даярдоо эркектер кезек тизмеси

Даярдоо кыздар кезек тизмеси

 

    Социалдык медиада бөлүшүү