ЧЕТ ТИЛДИ (АНГЛИС ТИЛИ, ОРУС ТИЛИ, НЕМИС ТИЛИ) БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО ЖАНА ЧЕТ ТИЛДЕН БОШОТУУ СЫНАКТАРЫ, БОЮНЧА МААЛЫМАТТАР


  • 2023-08-29

Катталуу үчүн кайрылуунун соңку күнү 2023-жылдын 13-сентябрь күнү Кыргызстан убактысы боюнча саат 17.00.

2023-2024-окуу жылынын Чет тилдер жогорку мектебинин Тил даярдоо программасынын академиялык календарына ылайык, 2023-жылдын 16-сентябрында өткөрүлө турган күзгү семестрдеги чет тилди (англис тили, орус тили, немис тили) билүү деңгээлин аныктоо жана тилден бошотуу сынактарына катыша турган талапкерлер үчүн сынактын датасы, сааты, сынакка катышуунун шарттары, сынактын форматы жана соңку кайрылуунун мөөнөтү жөнүндөгү маалыматтар төмөндө берилди.

 

1. СЫНАКТЫН КҮНҮ ЖАНА УБАКТЫСЫ (Кыргызстан убактысы боюнча)

СЫНАКТЫН

КҮНДӨРҮ

ТҮРҮ

УБАКТЫСЫ

16-СЕНТЯБРЬ 2023-Ж.

Чет тилди

билүү деңгээлин аныктоо

жана

чет тилден бошотуу сынактары

Англис тили

İNG-101 (орто кесиптик билим берүү программалары)

11.00 – 12.00

İNG -111

(бакалавр программалары)

11.00 – 12.00

Орус тили

RSC 100 (орто кесиптик билим берүү программалары)

12.00 – 13.00

RSC 103

(бакалавр программалары)

13.00 – 14.00

Немис тили

-

14.00 – 15.00

 

2. СЫНАККА КАТТАЛУУ ШАРТТАРЫ

Чет тилден бошотуу сынактарына (İNG 101 / İNG 111 кодундагы сабактар үчүн) 2022-2023-окуу жылында жана 2023-2024-окуу жылында «Манас» университетине тапшырып, Тил даярдоо программаларынын кыргыз жана түрк тилдери сабактарынан бошотулган бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программаларында билим алган 1-курстун студенттери катыша алат.

Чет тил катары окутулган RSC 103 кодундагы орус тили сабагы боюнча тилден бошотуу сынагына чет өлкөлүк (Кыргызстандын жараны эмес) бакалавр программасында билим алган 1-курсттун студенттери, ал эми RSC 100 кодундагы орус тили сабагы боюнча тилден бошотуу сынагына орто кесиптик билим берүү программасында билим алган 1-курстун студенттери катыша алат.

Немис тилинен бошотуу сынагына немис тили сабагын окуй турган студенттер катыша алат.

3. СЫНАКТЫН ФОРМАТЫ

Чет тилди билүү деңгээлин аныктоо жана чет тилден бошотуу сынактары (англис тили, орус тили, немис тили) онлайн форматта, төмөндөгү платформалар аркылуу жүзөгө ашырылат.

Англис тили

E-ders

Орус тили

Google Classroom

Немис тили

Google Classroom

 

4. КАТТАЛУУНУН СОҢКУ КҮНҮ

Өткөрүлө турган сынактарга катышкысы келген студенттерибиз 2023-жылдын 13-сентябрь, кечки саат 17.00 гө чейин (Кыргызстан убактысы боюнча) тиркемедеги арыздын үлгүсүн толтуруп, кол койгон соң pdf же jpg форматта сынакка кире турган тилге тиешелүү координаторлуктун (manas.edu.kg аталышындагы) электрондук дарегине жиберүүгө тийиш.

İNG 101 / İNG 111 кодундагы англис тили сабактары үчүн

ydb.inglizce@manas.edu.kg

RSC 100 / RSC 103 кодундагы сабактар үчүн

svetlana.parmanasova@manas.edu.kg

Немис тили сабактар үчүн

ydb.almanca@manas.edu.kg

 

Эскертүү: Англис тили сабагынан "Тилден бошотуу сынагына" катышуу үчүн, орто кесиптик билим берүү программаларынын студенттери каттоо учурунда сөзсүз түрдө İNG 101 «Англис тили» сабагын; ал эми бакалавр программасынын студенттери İNG 111 «Англис тили I» сабагын белгилеши керек. Сабакты белгилебеген студенттер аталган сынакка кире албай калышат. Тилден бошотуу сынактарынын жүйөө сынактары өткөрүлбөйт.

Арыздын үлгүсү

Арыздын үлгүсү

    Социалдык медиада бөлүшүү