30-август Түркия Республикасынын Жеңиш күнү


  • 2023-08-30

2023-жылдын 30-августунда Түркия Республикасынын Жеңиш күнүнүн 101-жылдыгына карата Бишкек шаарындагы Ататүрк сейил багында эскерүү иш-чарасы белгиленди. 

Иш-чара Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, ага элчиликтин ѳкүлдѳрү, Манас” университетинин жана Кыргызстандагы Ахыска түрктөр коомунун ѳкүлдѳрү, ошондой эле ишкерлер жана жарандар катышты.

Эскерүү иш-чарасы Түркиянын мамлекеттик гимнинин аткарылышы жана 1 мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан кийин президент Режеп Тайип Эрдогандын 30-август Жеңиш күнүнѳ карата сүйлѳгѳн кайрылуусу менен уланды жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Аскер аттешеси полковниги Эртан Ѳнал Түркия Республикасынын 30-август Жеңиш күнү тууралуу баяндама жасады.

Белгилей кетсек, 30-август - Түркия Республикасынын Жеңиш күнү (тур. Zafer Bayramı) . Бул майрам 1924-жылдан бери (официалдуу түрдө 1935-жылдан бери) жыл сайын Экинчи грек-түрк согушундагы чечүүчү салгылаш болгон Думлупынар салгылашындагы жеңишти эскерүү максатында белгиленип келет.

 

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

 

 

    Социалдык медиада бөлүшүү