КТМУда фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында адистердин билимин жогорулатуу тренинги башталды


  • 2023-09-04

Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти менен биргеликте 2023-жылдын 4-сентябрынан тартып айыл чарба факультетинде фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында адистердин кесиптик билимин жогорулатуу боюнча 2 жумалык окутуу-тренингин ѳтүп башталды.

Тренингдин максаты - ѳсүмдүктѳрдүн карантини жаатында карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу.

Окутуу Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 354 буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагында фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алкактык программанын» алкагында жүргүзүлүүдѳ.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

 

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CwzihvWtnNN/?img_index=4

Haberin videosu:

https://youtu.be/ODiZe1_0xAc?si=TR6-Q_6KV8nAmwmK

    Социалдык медиада бөлүшүү