Түркия жана Кыргызстандын акыйкатчылары КТМУга иш сапары менен келишти


  • 2023-09-05

Кыргыз-Түрк “Манас” университетине Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева жана Түркия Республикасынын башкы акыйкатчысы Шереф Малкоч иш сапары менен келишти.

Жолугушууда Түркиянын башкы акыйкатчысы Шереф Малкоч окуу жайдын жетекчилиги менен жолугуп, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Эскерте кетсек, жолугушууга Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Белгилей кетсек, Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкоч үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

 

Haberin fotoğrafları: 

https://www.instagram.com/p/CwzvpB9N30t/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Видео

https://www.youtube.com/watch?v=uGiLaUV0GSc

 

    Социалдык медиада бөлүшүү