"Манас" Токтобүбү Апсатар кызын Түркияда акысыз эс алууга жөнөттү


  • 2023-09-06

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти жана бүтүрүүчүсү Токтобүбү Апсатар кызы үй-бүлөсү менен биргеликте Түркияда эс алуу үчүн жөнөтүлдү. Токтобүбүнүн университетте окуу кыялын орундатып, университеттин бардык мүмкүнчүлүктөрүнөн акысыз пайдаланууга шарт түзгөн КТМУ ректору, профессор Алпаслан Жейлан эми Токтобүбүнүн Түркияны көрүү кыялын ишке ашырды.

5-сентябрь күнү Токтобүбү үй-бүлөсү менен Түркияга жөнөп кетти.

"Манас" университетинин аталган социалдык жоопкерчилик программасына "Түрк аба жолдору" жана "Улусой Кемер Холидей Клуб" мейманканасы жана башка уюм, мекемелер колдоо көрсөттү.

Токтобүбү үй-бүлөсү менен Түркиянын Кемер аймагында эс алгандан кийин ден соолугун реабилитациялоо үчүн Стамбул шаарына жөнөтүлөт.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin fotoğrafları: 

https://www.instagram.com/p/Cw1vwUptID3/?img_index=1

Haberin videosu: https://www.youtube.com/watch?v=vUT5n5U6aqw

    Социалдык медиада бөлүшүү