Ѳзбекстанда этноспорттук саммит башталды


  • 2023-09-08

2023-жылдын 8-сентябрында Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы салттуу спорт түрлөрүн жана оюндарды жайылтуу максатында Өзбекстанда “Мурас жана этноспорт” деген темада этноспорттук саммитин баштады.

Өзбекстандын Хива шаарында өткөн бул саммитке Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана ректордун кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу да катышууда.

Эки күнгө созула турган саммитке Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын өкүлдѳрү, ошондой эле 60тан ашуун өлкөнүн мамлекет жана ѳкмѳт башчылары катышууда.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү