2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ КУТТУУ БОЛСУН!


  • 2023-09-12

Сүйүктүү студенттер, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин урматтуу окутуучулары жана кызматкерлери!

Жаңы окуу жылын зор шыктануу жана толкундануу менен баштап жатабыз. Баарыңыздарга жаңы окуу жылынын башталышында чексиз сүйүүмдү жана терең урматтоомду билдирем.

Жылдагыдай эле бул жылы да Кыргыз-Түрк «Манас» университетин эң мыкты абитуриенттер тандады. Мен буга абдан сыймыктанам. Быйыл Кыргыз-Түрк «Манас» университетине жаңы кабыл алынган 2100 студентти сыймыктануу менен кабыл алып, бактылуу болуп олтурабыз. “Манас” үй-бүлөсүнө жаңы кошулган студенттерге “Кош келдиңер!” дегим келет.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети  “Кыргызстандан тарта Орто Азиядагы боордош өлкөлөрдүн жана коомчулуктардын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү жана цивилизациянын тарыхый өнүгүшүнөн эргүү алуу менен маданий бийиктиктерди багындырууга салым кошуу” максатында эки бир тууган мамлекет тарабынан негизделген Орто Азиядагы жана дүйнөдөгү тандалма университеттердин бири. Кыргыз-Түрк «Манас» университети бардык бир тууган өлкөлөрдөн келген студенттерди өзүнө, үй-бүлөсүнө, элине, мекенине, мамлекетине пайдалуу жана бири-бирине чын жүрөктөн берилген муун кылып тарбиялоого умтулабыз.

Сүйүктүү студенттер!

Сиздер биздин келечегибизди жана тарыхыбызды түзөсүздөр. Ошол себептүү сиздин руханий өзөгүңүздү түзгөн негизги баалуулуктарды коргоп, замандын талабына жооп берген билим алууга умтулуп, шыктануу, толкундануу менен эмгектенесиздер деп толук ишенем. Кыргыз-Түрк «Манас» университети студенттерин баалаган, бири-бирин урматтоого жана жылуу сезимдерге негизделген, студенттерге достук мамиледе болгон жана өз мүмкүнчүлүктөрүн академиялык дисциплинага ылайык жогорку деңгээлде сиздин пайдаңызга колдонуу принциби менен иштеген университет экенин эч качан эсиңизден чыгарбаңыз. Кыргыз-Түрк «Манас» университетин сүйүү менен коргоп жана аны баалай билиңиз. Кыргыз-Түрк «Манас» университети сунуштаган академиялык, социалдык жана маданий мүмкүнчүлүктөрдү эң мыкты пайдалануу менен аракет кылып окуп, изилдеп, тынымсыз үйрөнүү менен муну ишке ашыра аласыздар. Келечекте Кыргызстандын жана түрк дүйнөсүнүн бардык тармакта күчтүү болушунун куруучулары болосуздар деп ишенем. Түркия менен Кыргызстан тарабынан түптөлгөн жана колдоого алынган биринчи университетте ар бир күнүңүз сүйүү, кубаныч жана үмүткө толгон бактылуу, ийгиликтүү, ден соолукта өткөн студенттик жашоо каалайм. 

Сүйүктүү окутуучулар жана кызматкерлер!

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ийгилик жолунда эң чоң үлүшүңүз бар жана анын жетишкендиктеринин эң маанилүү куруучулары сиздерсиздер. Урматтуу кесиптештерим, ушул эле пикир менен жаңы окуу жылында да Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жогорку бийиктиктерди багындырышына, студенттерибиздин мыкты билим алышына бардык күчүңүздөрдү жумшайсыздар деп ишенем. Ар бириңиздерге кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Муну менен бирге 2023-2024 жаңы окуу жылы менен куттуктайм! Жаңы окуу жылы сүйүктүү студенттерибиз, бүтүндөй академиялык курам жана административдик кызматкерлер үчүн жалаң ийгиликтер менен коштолгон жыл болушун каалап кетмекчимин!

 

Проф., докт. Алпаслан Жейлан  

Ректор  

    Социалдык медиада бөлүшүү