КТМУда илимди сүйгөн студенттер үчүн илимий лагерь старт алды


  • 2023-09-12

Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоорунун алкагында түрк дүйнөсүнүн шыктуу жана илимди сүйгөн студенттери үчүн илимий лагерь өткөрүүдө.

Илимий лагерь 2023-жылдын 11-сентябрынан 17-сентябрына чейин илимий иш-чаралар менен уланып, маданий программа менен жыйынтыкталат. Иш-чаранын аягында студенттерге катышкандыгы үчүн сертификаттар жана белектер тапшырылат.

“Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоорунун алкагында өткөрүлүп жаткан илимий лагердин биринчи семинары гуманитардык факультеттин тарых бөлүмүнүн ага окутуучусу, доцент Кайрат Белек “IX-XII кылымдагы Караханиддер доорундагы маданий мурастар: Кыргызстандагы жазуу эстеликтеринин үлгүсү” аталышта доклад жасоо менен башталды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CxHdMFstFVG/

 

    Социалдык медиада бөлүшүү