«Scopus» электрондук маалымат базасына байланыш ачылды


  • 2023-09-13

Университетибиз үчүн “Scopus” маалымат базасына байланыш ачылды. Scopus – бул көп дисциплинардык библиографиялык жана абстракттуу маалымат базасы жана илимий журналдарда жарыяланган макалалардын шилтемелерин изилдөөчү курал. Scopus дүйнө жүзү боюнча 5 миң илимий басмаканалардын 18 миңден ашуун басылмаларын, анын ичинде 13 миллионго жакын патентти, ошондой эле илимий конференциялардын материалдарын камтыйт. Elsevier тарабынан иштелип чыккан жана колдоого алынган.

Электрондук маалымат базасын http://www.scopus.com дарегинен тапса болот.

Маалымат базасы университеттин ичинде сыр сөзсүз ачылат. Ал эми университеттин тышынан да кирүү үчүн manas.edu.kg э-почтаңыз аркылуу каттодон өтүү керек. Каттоодон өтүү боюнча нускамалар китепкананын веб баракчасынын “Жаңылыктар” бөлүмүнөн көрүүгө болот.

    Социалдык медиада бөлүшүү