Таалайгүл Ташманбетова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды


  • 2023-09-14

Үстүбүздѳгү жылдын 12-сентябрында Эгемендик күнүнѳ карата Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мамлекетине жана элине сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн мыкты делген инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

КТМУнун ѳркѳм ѳнѳр факультетинин театралдык искусство бѳлүмүнүн ага окутуучусу Таалайгүл Ташманбетова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты жана жалпы эмгек жамааты ага окутуучу Таалайгүл Ташмаматованы мамлекеттик сыйлыгы менен куттуктайт жана мындан ары да чыгармачылык ийгиликтерди каалайт.

 

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты

 

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CxKi0JvN0ot/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

 

    Социалдык медиада бөлүшүү