«Манаста» салттуу ат оюндарын ѳткѳрүү боюнча жыйын ѳттү


  • 2023-09-14

2023-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Рамис Жунусалиев жана Казакстан Республикасынын Туризм жана спорт министрлигинин Улуттук жана ат спорт борборунун директорунун орун басары Карлыгаш Рамазанова Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушуп, жыйын ѳткѳрүштү.

Жыйындын жүрүшүндѳ түрк элдеринин салттуу спорттук оюндарынын тарыхый-этнографиялык мааниси жана жалпы түрк калктарынын дүйнѳ маданиятына кошкон салымы, ошондой эле салттуу спорттук (ат оюндарын) оюндарын ѳнүктүрүү, аны жайылтуу боюнча кеңири талкуу болуп, жакынкы аралыкта «Манас» университетинде ѳтүүчү кѳк бѳрү оюнун ѳткѳрүүгѳ даярдыктар, сунуш-пикирлер жана каалоо-тилектер айтылды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

 

Haberin fotoğrafları:

 

 

    Социалдык медиада бөлүшүү