Молдосейит Мамбетакунов III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды


  • 2023-09-14

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин доценти Молдосейит Мамбетакунов өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды

Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тапшырды.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты жана жалпы эмгек жамааты Молдосейит Мамбетакуновду мамлекеттик сыйлыгы менен куттуктайт жана мындан ары да чыгармачылык ийгиликтерди каалайт.

 

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CxK7zQ1NVkO/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

    Социалдык медиада бөлүшүү