Илимий лагердин катышуучулары ректор менен жолугушту


  • 2023-09-16

2023-жылдын 15-сентябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоорунун алкагында түрк дүйнөсүнүн шыктуу жана илимди сүйгөн жаштары үчүн уюштурулган илимий лагердин катышуучулары окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушуп, ѳз ара баарлашты.

Жолугушууда студенттер илимий лагерь жемиштүү болгонун жана жаңы, пайдалуу маалыматтарды үйрѳнүшкѳнүн баса белгилешти.

Ошондой эле студенттер сезимдери менен бөлүшүп жатып, “Манас” университетинен өзгөчө жылуулукту, сүйүүнү жана бир туугандыкты сезип жаткандарын да жашырышкан жок.

Ал эми университеттин ректору Алпаслан Жейлан жаштарга тѳмѳндѳгүдѳй сѳзүн айтты: “Билим берүү жана тарбиялоо өмүр бою улана турган процесс, сиздердей түрк дүйнөсүнүн жаркын жаштарына эшигибиз ар дайым ачык”,-деп, катышуучу студенттерге жана долбоордун уюштуруучуларына ийгиликтерди каалап, ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Ыраазычылык баракчалары тапшырылгандан кийин жолугушуу сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Video: https://youtu.be/6cIGpFbvRwo?feature=shared

 

 

 

    Социалдык медиада бөлүшүү