Китепканабыздын электрондук каталогунун мобилдик версиясы жаңыланды


  • 2023-09-18

Китепканабыздын электрондук каталогунун мобилдик версиясы жаңыланды. Мобилдик телефонуңуздан Google Play же AppStorга кирип “Cep Kütüphanem” программасын жүктөп алсаңыз болот. Телефонуңузда эски “Cep Kütüphanem” программасы бар болсо өчүрүп салып жаңыдан куруу керек. Бул программа аркылуу, каталогдон китеп издөө, кезекке туруу, алган китептердин мөөнөтүн узартуу, китепканадан билдирүүлөрдү алуу, электрондук китептерди окуу ж.б.у.с. кызматтардан пайдалана аласыз. Программа түрк, англис, кыргыз, орус тилдеринде иштейт. Бул программаны колдонуунун кыскача слайдын китепканабыздын веб баракчасындагы (http://library.manas.edu.kg)  “Колдонмо көрсөткүчтөр” бөлүмүндөн алсаңыздар болот.

    Социалдык медиада бөлүшүү