ТИЛ ФОРУМУНА Түркиядан чакырылган коноктор КТМУга келишти


  • 2023-09-20

Мамлекеттик тил күнүнө карата 21-22-сентябрь күндөрү Бишкекте ѳтѳ турган Түрк тилдүү элдердин эл аралык ТИЛ ФОРУМУНА чакырылган Түркиянын Улутчул кыймыл партиясынын төрагасынын башкы кеңешчиси, профессор Рухи Эрсой, Юнус Эмре институтунун вице-президенти Куталмыш Ялчын жана Синан Үлкер Кыргыз-Түрк «Манас» университетине келишип, окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин делегация ѳкүлдѳрү Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарчаны кыдырып, университеттин телестудиясы менен таанышып чыгышты.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен Кыргызстанда биринчи жолу Түрк тилдүү элдердин эл аралык ТИЛ ФОРУМУН өткөрөт. ФОРУМГА Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Россиянын Якутия, Кара-Калпак, Алтай аймактарынан, Венгрия, Германиядан коноктор чакырылган, жалпысынан 300дөн ашуун адам катышары күтүлүүдө.

 

МКК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cxb_tajoumW/?img_index=1

    Социалдык медиада бөлүшүү