“Арт – терапия” тренинги өткөрүлдү


  • 2023-10-16

СҮЙҮКТҮҮ ДОСТОР!

2023 – 2024 - окуу жылынын күзгү семестринин тренингтери 5 – октябрда “Арт – терапия” аталыштагы иш чара менен башталды.

Арт - терапия катышуучулардын ой - сезимдерин эркин билдирүүсүнө, чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, көмүскөдө болгон таланттарын ойготууга багытталат. Бул терапия психологиялык жана эмоционалдык тараптан ар кандай интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен ишке ашырылат. Чыгармачылык ыкманын башкы артыкчылыгы анын натыйжалуулугу жана коопсуздугу. Арт – терапиянын максаты адамга көйгөйүн түшүнүүгө жана аны чечүү жолдорун табууга жардам берүү. Адамдын жан-дүйнөсүндө болуп жаткандарды сүрөт аркылуу түшүнө алабыз. Көмүскөдөгү көйгөйлөр менен иштөө ыкмалары катышуучуларга чоң таасир тийгизди. Өздөрүн жакшыраак таанууга, мотивация алууга, абалына жараша өздөрүнө аяр мамиле жасоого кадам ташталды. Көтөрүңкү маанайда өзгөрүү жана өнүгүүгө жол ачылды. Ар бир катышуучуга терең ыраазычылык.

• Ч. Айтматов кампусу, жатакана А блок, 103 - кабинет

• Башкы корпус, AZ-18- кабинет

Студенттердин инсандык өнүгүү жана кеңешүү борбору

@psychologists.ktmu

    Социалдык медиада бөлүшүү