КТМУнун студенттери “Жаш медиа өкүлдөрү” сынагында байгелүү кайтышты


  • 2023-09-25

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  коммуникация факультетинин радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн студенттери Түркияда 33-жолу өткөн “Жаш медиа өкүлдөрү”  сынагында байгелүү кайтышты. Сынак “Айдын Доган” фонду тарабынан уюштурулган.

Аталган сынактан фотография багыты боюнча 1-орунду Милена Нарынова, 3-орунду Найзабек Мукамбетов жеңип алды. Ал эми документалдуу тасма категориясында Назгүл Өмүржанова 1-орунду, Жыпар Кубанычбек кызы 3-орунга татыды.

Конкурста студенттер журналисттик чеберчилик, макала жазуу, аудио жана видео материалдар, реклама, коомчулук менен байланыш жана интернет тармактары боюнча жарышкан.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CxnE73AtybW/

 

    Социалдык медиада бөлүшүү