МАВЛИД ТҮНҮ КУТ БОЛСУН!


  • 2023-09-26

Сүйүктүү “Манас” үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү!

Бүгүн түнү адамгерчиликтин жана жашоонун мааниси жоголгон мезгилде тарыхтын агымын жана жашоонун нугун өзгөрткөн Азирети пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) туулган күнүнүн 1452 жылдык мааракесин белгилөө бактысын сезип жатабыз.

Азирети пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) - бизге урматтоо, сүйүү, боордоштук, адилеттик, чындык жана чынчылдык сыяктуу адамды адам кылган бардык жакшы сапаттарды үйрөткөн, аларды өз жашоосунда адатка айландырып, мыкты үлгүсүн көрсөткөн жана ааламга ырайым кылып жиберилген эң акыркы пайгамбар. Бүгүнкү күндө адамзат Алланын улуу ахлагы менен адеп-ахлактуулук баалуулуктарына мурда болуп көрбөгөндөй муктаж болуп турат. Мавлид түнү - Азирети пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) сонун ахлактарын, бизге үйрөткөн баалуулуктарын, анын жол көрсөтүүчү насааттарын кайрадан эстөө жана өздөштүрүү менен жашоо кечирүү убактысы жана мүмкүнчүлүгү.

Ушундан улам “Манас” үй-бүлөсүн, түрк-ислам дүйнөсүн Мавлид түнү менен куттуктап, ушул ыйык түндүн бүткүл адамзатка жакшылык алып келишин каалайм.

 

                                                                                   т.и.д., профессор Алпаслан Жейлан  

                                                                                                              Ректор  

    Социалдык медиада бөлүшүү