“Түрк элдеринин тарыхы жана байыркы доордогу илимдери” аттуу семинар ийгиликтүү жыйынтыкталды


  • 2023-10-06

Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына карата 2023-жылдын 4-октябрында башталган “Түрк элдеринин тарыхы жана байыркы доордогу илимдери” эл аралык семинары ийгиликтүү жыйынтыкталды. Иш-чара Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультети жана Евразия тил, тарых жана археология илим-изилдөө институту тарабынан уюштурулду.

Эл аралык семинардын экинчи күнү 5-октябрда абдан кызыктуу өттү, анткени семинарга катышкан илимпоздор топ-топко бѳлүнүп, түрк элдеринин тарыхы, маданияты, келечеги жана түрк элдеринин дүйнө цивилизациясына кошкон салымы сыяктуу темаларда талкуу жүргүзүштү.

Иш-чаранын аягында түрк элдеринин илимин өнүктүрүүгө жана жаш илимпоздорду колдоого багытталган резолюция кабыл алынып, илимий семинар максатына жетти.

Семинардын катышуучуларына университеттин атынан эстеликке белектер жана сертификаттар тапшырылды.

Эске салсак, аталган илимий семинарга Түркиянын ар кайсы жогорку окуу жайларынан 36дай илимпоз, окумуштуулар келип катышты.

ММК жана коомчулук менен байланыш бѳлүмү

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CyC_4p6K9gM/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/CyBigliC9wT/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haberin Videosu: 

https://youtu.be/opaRZkaTw0k?feature=shared

 

 

    Социалдык медиада бөлүшүү