Ректор, профессор Алпаслан Жейландын Бишкектеги башталгыч түрк мектебинин мугалимдерине куттуктоо сапары


  • 2023-10-06

5-октябрь - Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнүнө карата “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Бишкектеги башталгыч түрк мектебинин мугалимдерин унутта калтырган жок. Бул маңыздуу күндү куттуктоо максатында башталгыч мектептин мугалимдерин зыярат кылды.

Бул өзгөчө күнү ректор, профессор Алпаслан Жейлан: «Дүйнөдөгү эң ыйык кесип – мугалимдик» - экенин айтып, мугалимдер коомдун келечегин түзүүдө эң маанилүү инсандардын бири экенин баса белгиледи. Ошондой эле мугалимдерге болгон сый-урматын, ыраазычылыгын билдирип, сөзүн мындай деп улантты: «Мектеп - биздин мектеп, университет - сиздердин университет. Ошондуктан жасала турган ар кандай иштерде мектептин муктаждыгы биздин муктаждыгыбыз. Мугалимдердин кандайдыр бир суроо-талаптары жана муктаждыктары болгондо «Манас» университетинин эшиги ар дайым ачык”.

Сөз соңунда ректор, профессор Алпаслан Жейлан Бишкектеги башталгыч түрк мектебинин мугалимдерин кесиптик майрамы менен куттуктап, гүл тартуулады.

Майрамдык программанын соңунда ректор, профессор Алпаслан Жейлан класстарды кыдырып, окуучулар менен баарлашып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Өз кезегинде Бишкектеги башталгыч түрк мектебинин мүдүрү Галип Явузарслан ректор, профессор Алпаслан Жейландын бул маңыздуу сапарына кубанычта болгонун айтып, чексиз ыраазычылык билдирди.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Videosu: 

https://youtu.be/iOoXW1OXKi8?feature=shared

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/CyAuVykto_7/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү