2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУСУ


  • 2023-10-06
  КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН
2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН  АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ
КАБЫЛ АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУСУ
Факультети  Бөлүмү/ программасы Кызматы Талаптар Саны
Гуманитардык факультет Тарых профессор Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Жаңы доордогу Түркстандын тарыхы тармагы боюнча доктордук даражага ээ болуу. Илимий изилдөө иштеринде Чагатай түркчөсүндө жана орусча жазылган булактарды колдонуу компетенциясына ээ болуу.
1
Түркология доц.м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Кыргыз тили жана Карахан түрк тили тармагы боюнча доктордук даражага ээ болуу. Эски түрк тилдери, орто түрк тилдери жана кыргыз тили багыты боюнча улуттук жана эл аралык илимий эмгектери болушу керек.
1
Табигый илимдер факультети Математика доц.м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Сингулярдуу козголгон  параболикалык теңдемелердин асимптотикалык чыгарылышы жана ийкемдүү метрикалык мейкиндиктер  багыты боюнча илимий эмгектери болушу керек; Кыргыз жана түрк тилдеринде сабак өткөрүү компетенциясына ээ болуу.
1
Колдонмо математика жана информатика профессор Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Математикалык физика жана жакындашуу теориясы багыты боюнча илимий эмгектери болушу керек. Кыргыз жана түрк тилдеринде сабак өткөрүү компетенциясына ээ болуу.
1
Экономика жана башкаруу факультети Менеджмент доц.м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Сандык ыкмалар (эвристикалык ыкмалар) тармагы боюнча доктордук даражага ээ болуу. Транспорттоо жана унааны маршруттоо көйгөйлөрү багыты боюнча илимий эмгектери болушу керек. Кыргыз жана түрк тилдеринде сабак өткөрүү компетенциясына ээ болуу.
1
Коммуникация факультети Журналистика доц.м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Коммуникация илимдери тармагы боюнча доктордук даражага ээ болуу. Эл аралык коммуникация жана жаңы медиа, журналисттик билим берүү, журналистикада гендердик, медиада жарнама жана Кыргызстандын медиасынын/басма сөзүнүн тарыхы боюнча илимий эмгектери болушу керек.
1
Радио, телекөрсөтүү жана кинематография доц.м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Коммуникация илимдери тармагы боюнча доктордук даражага ээ болуу. Кинематография жана маданий иштер багыты боюнча илимий эмгектери болушу керек.
1
Инженерия факультети Экологиялык инженерия доц.м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Экологиялык инженерия тармагы боюнча доктордук даражага ээ болуу. 
1
Электроника жана электр инженериясы профессор Электроника жана электр инженериясы тармагы боюнча доктордук жана доценттик даражаларга ээ болуу. Фотоника, оптика, колдонмо электродинамика, оптикалык жана фотоникалык оптималдаштыруу, тескери инженерия жана оптоэлектрониканын бир же бир нече тармагы боюнча илимий эмгектери болушу керек. 1
Тамак-аш инженериясы доц.м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Тамак-аш инженериясы тармагы боюнча доктордук даражага ээ болуу. Тамак-аш микробиологиясы багыты боюнча илимий эмгектери болушу керек.
1
Спорт илимдери факультети Дене тарбия жана спорт мугалими профессор Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Кыргызстандын салттуу оюндарынын морфологиясы жана спорт метрологиясы боюнча илимий эмгектери болушу керек.
1
Айыл чарба факультети Өсүмдүктөрдү коргоо доц.м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Энтомология тармагы боюнча доктордук даражага ээ болуу. Жашылча-жемиш зыянкечтери багыты боюнча илимий эмгектери болушу керек.
1
доц.м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Микробиология тармагы боюнча доктордук даражага ээ болуу. Фитопатология багыты боюнча илимий эмгектери болушу керек.
1
Арыздар кулактандыруу чыккан күндөн тарта 15 (он беш) күндүн ичинде (06-20 октябрь, 2023) КТМУнун кадрлар башкармалыгында кабыл алынат. Электрондук дарек же почта аркылуу жиберилген арыздар белгиленген мөөнөттөн кечигип келген учурда кадрлар башкармалыгы жооптуу болбойт. Арыздарды кабыл алуу учурунда Кыргызстандын жергиликтүү иш убактысы эске алынат. Конкурстун жыйынтыгын кадрлар башкармалыгынан сурап билсеңиз болот.
Талап кылынган документтер:
Арыз*, өмүр баян, жогорку билимин жана илимий даражасын тастыктаган дипломдор, жарыяланган макалалардын тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт, соттолбогондугу тууралуу маалымкат, тиешелүү нускамада көрсөтүлгөн башка документтер.
Дарек: Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Жал кичи району 30/42, Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарча, Ректораттын имараты, кадрлар башкармалыгы (102-105-каб.)
Электрондук дарек :  bilgi.personel@manas.edu.kg (арыз менен документтериңизди ушул электрондук дарекке жөнөтсөңүз болот)
Байланыш телефондору: 00996 (0312) 49 27 81-82 факс: 0096 (312) 54 39 35
Эскертүү: Талапкерлердин документтери "Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценттин милдетин аткаруучу, доцент, профессор наамын берүү жана аларды дайындоо боюнча нускамасынын" (https://manas.edu.kg/docs/ktmu-emevzuat.pdf) негизинде каралат. Талапкердин жараны болгон өлкөнүн мамлекеттик же расмий тили/тилдери чет тили катары эсептелбейт. * Арыздын бланкын (http://www.manas.edu.kg/docs/ktmu-ilan-basvuru-formu.doc) дарегинен алсаңыз болот.
    Социалдык медиада бөлүшүү