Ийгилик сыйлыксыз калган жок: ректор, профессор Алпаслан Жейлан ашкананын кызматкерлерин сыйлады


  • 2023-10-10

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан ашкана кызматкерлеринин ак ниет эмгегин жогору баалап, алардын ийгилигинин таажысын маянасын жогорулатуу менен белгиледи.

2023-жылдын 9-октябрында “Манас” университетинин социалдык мекемесинде өткөн жыйында ректор, профессор  Алпаслан Жейлан ашкана кызматкерлерине болгон канааттануусун жана ыраазычылыгын айтты. Ректор, профессор  Алпаслан Жейлан ашкана кызматкерлери университеттин маанилүү бөлүгү экенин баса белгилеп, «Ийгилик жоопсуз калбай, сыйлык берилиши керек», ашкана кызматкерлеринин ак ниеттүү эмгеги университеттин ийгилигине чоң салым кошкондугун билдирди.

Өз сөзүндө ректор, профессор Алпаслан Жейлан: «Сиздердин берилген эмгегиңиздерди көрүү мени кубандырат. Күнүмдүк даярдаган тамагыңызга эле эмес, миңдеген кишилерге арналган көчө ифтарыбызга да чоң салым кошуп жатасыз”, - деп студенттердин жана университеттин бардык кызматкерлеринин тамак-ашка ыраазы болушуна кам көрө турганын кошумчалады. Ал ошондой эле быйылкы көчө ифтар иш-чаралары башталганын билдирди.

Ашкана кызматкерлеринин айлык акысынын жогорулашына токтолуп, социалдык мекемелер, ашкана жана кафетериялар директорлор кеңешинин төрагасы, доцент Фатих Рамазан Стамбуллугил: «Бул жакшы кабарыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз, адегенде студенттер үчүн ашкана акысын азайтып, андан соң ашканага жаңы жабдууларды сатып алып, эми кызматкерлерибиздин айлыктарын жогорулатканыңыз үчүн абдан кубанычтабыз»,- деди. Социалдык мекемелер, ашкана жана кафетериялар бөлүмүнүн жетекчиси Мурат Жолдошов ректор, профессор  Алпаслан Жейландын көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип: «Сиздердин колдооңуздарга жооп катары күнү-түнү иштөөгө даярбыз»,- деп кошумчалады.

Тамактануучу жайдын башчысы Абузер Акгүн ректор, профессор  Алпаслан Жейланга ыраазычылыгын билдирип: «Тамактануучу жайга кызыкдар болгонуңузду билебиз. Бул сонун сыйлыктын аркасында кесиптештерим мындан ары да ырахат менен иштей беришет деп эч шек санабайм. Университетибиз үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз.» - деди.

Бул кабарга ашкана кызматкерлери абдан кубанышып ректор, профессор Алпаслан Жейланга болгон ыраазычылыгын жана канааттануусун билдиришти.

Университеттин ашкана кызматтарынын сапаты кызматкерлердин аракети жана ректор, профессор Алпаслан Жейландын колдоосу менен жакшыра бермекчи.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

 

    Социалдык медиада бөлүшүү