Н. Билал Эрдоган жана ректор Алпаслан Жейлан "Манас" телеканалында конок болушту


  • 2023-10-15

Үстүбүздөгү жылдын 12-октябрь күнү Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Н. Билал Эрдогандын колдоосунда өткөрүлгөн Түрк мамлекеттеринин уюму - Түрк университеттер биримдиги I салттуу спорт оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш графигинин тыгыздыгына карабай бул өзгөчө иш-чара үчүн Түркиядан келген Н. Билал Эрдоган менен университетибиздин ректору, профессор Алпаслан Жейлан "Манас" телеканалында конокто болушту.

Н. Билал Эрдоган Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде болгонуна кубанычта экенин айтып, Түркия жана Кыргызстан ортосундагы бекем кызматташтыкка маани берип, “Бул кызматташтыктын эң мыкты көрсөткүчү – Кыргыз-Түрк “Манас” университети,”-деп “Манас” университети менен академиялык кызматташуулар уланып жатканын баса белгиледи.

Н. Билал Эрдоган “Манас” университетинин салттуу спорт оюндарына болгон кызыгуусун жана аталган тармакта өткөрүлгөн симпозиумдарды ыраазы болуу менен байкаганын айтты. "Мен бүгүн бул маанилүү иш-чаранын ачылышына келдим. Биз “Манас” университетинин салттуу спорт оюндарына институционалдык колдоо көрсөтүп жатканына кубанычтабыз,"-деди. Өз сөзүндө университеттерде спорт клубдарынын бекемделиши өлкөдө спорттун өнүгүшү үчүн маанилүү экенине ишенерин белгилеп, мындай деп улантты: “Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин салттуу спорт оюндарына маани бериши  Кыргызстандын спорт оюндарынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүп жатканын көрүп турам жана куттуктайм! Ушундай иш-чаралар улана беришине тилектешмин.”

Түрк дүйнөсүнүн бай мурасы болгон салттуу спорт оюндарынын өнүгүшүнө салым кошуу максатында өлкөлөрдүн Спорт министрлерин чогултуп, келишимдерге кол коюшкандарын белгилеген төрага Н. Билал Эрдоган, бул маанилүү кадам менен салттуу спортту колдоо экендигин билдирди. Н. Билал Эрдоган бул келишимдердин бүгүнкү күнгө чейин 15 өлкө менен түзүлгөнүн кошумчалады.

Сөзүнүн аягында Н. Билал Эрдоган Түрк мамлекеттеринин уюму - Түрк университеттер биримдиги I салттуу спорт оюндарынын Кыргыз-Түрк «Манас» университетиндеөткөрүлүп жатканына жогору баа берип, мындай кызматташтык салттуу спорт оюндарынын келечеги үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Н. Билал Эрдоган баяндамасын аяктаган соң “Манас” телеканалынын мүдүрү, Др. Бүлент Намал күндүн дагы бир коногу болгон «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга алдыда өткөрүлө турган иш-чара тууралуу ой-пикирин сурады. Ректор, профессор Алпаслан Жейлан бул маанилүү күндө «Манас» университетинин жанында болуп, колдоосун эч качан аябаган Н. Билал Эрдоганга ыраазычылыгын билдирип, өтмүштүн улуулугун келечекке жеткирүү аракет кылып жатышканын билдирди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан маегин мындай деп улантты: “Түрк мамлекеттеринин уюму - Түрк университеттер биримдиги I салттуу спорт оюндары башка окуу жайларда да кеңири жайылып, өсүп-өнүгөт деп ишенем.”

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cycpvyrt8le/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haberin Videosu:

https://www.youtube.com/live/eRXzqtge67U?si=D0mNI43HnMGIX_Bw

    Социалдык медиада бөлүшүү