Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы менен кызматташуу протоколуна кол коюлду


  • 2023-10-15

2023-жылдын 12-октябрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы арасында кызматташуу протоколуна кол коюлду.

Бул протоколдун негизинде “Манас” университети менен Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы салттуу спортту дүйнө жүзүндө жайылтуу, коргоо жана өнүктүрүү максатында  маанилүү кадам ташташты.

Салттуу спортту эл аралык платформада жайылтуу жана маданияттар аралык өз ара аракеттенүүнү арттырууну максат кылган бул кызматташтык глобалдык алкакта дагы да бекемделип, маданий мурасыбызды сактоого колдоо көрсөтөт. Протокол тараптардын ортосунда билим жана тажрыйба алмашууну кубаттоо менен бул тармактагы изилдөөлөрдү тездетүүгө салым кошот.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Videosu: 

https://youtu.be/q71OlvWauUU?si=rT2MwfSjG4bEnGDW

 

    Социалдык медиада бөлүшүү