Мас-рестлинг федерациясынан университеттин жетекчилигине алтын медалдар


  • 2023-10-16

Түрк мамлекеттеринин уюмунун жана Түрк университеттер биримдиги I Салттуу спорт оюндарынын жабылыш аземинде Мас-рестлинг федерациясынын төрагасы Бакыт Жетигенов Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана башкы катчыбыз, доцент Октай Өзгүлгө федерациянын медалын жана ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Бул атайын сыйлыктар иш-чараны ийгиликтүү өткөрүүгө кошкон салым үчүн ыйгарылды.

Жабылыш аземинде сөз сүйлөгөн Мас-рестлинг федерациясынын төрагасы Бакыт Жетигенов иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон ар бир адамга ыраазычылык билдирип: «Бул оюндар түрк жаштарынын бири-бири менен баарлашуусуна жана маданий тажрыйбага ээ болушуна шарт түздү. Бул ийгиликтин ишке ашуусуна салым кошкондордун баарын чын жүрөктөн куттуктайм,» - деди.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана башкы катчы, доцент Октай Өзгүл алган баалуу сыйлыктары үчүн ыраазычылыктарын билдирип, келечекте дагы көптөгөн биримдик жана спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча ой-максаттары менен бөлүшүштү.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Videosu:

https://youtu.be/tzC6OK7iScw?si=UP5O9poSFwlh_0Af

 

    Социалдык медиада бөлүшүү