Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата 100 көчөт отургузулду


  • 2023-10-18

Үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата “Манас” университетинин Түрк дүйнөсүнүн ботаникалык бакчасына университеттин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан тартууланган 100 көчөт отургузулду. Көчөт отургузуу иштерине университетибиздин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, ректордун кеңешчиси, профессор Олгун Чичек, айыл-чарба факультетинин деканы, профессор Атилла Дурсун, айыл-чарба факультетинин мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмүнүн окутуучулары менен студенттери катышышты.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана жашылдандыруу иштерине маани берип, келечек муундарга жашыл чөйрө калтыруу аракетин улантып жаткан ректор Жейлан: «Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата “Манас” университети катары айлана-чөйрөбүзгө аяр мамиле кылууну жайылтуу үчүн бул маанилүү иш-чараны уюштуруп жатабыз,”-деди. Ал эми айыл-чарба факультетинин деканы, профессор Атилла Дурсун мындай деди: “Университетибизди жашылдандыруу иштери улантылат жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө дагы көп салым кошобуз.”

“Манас” университетинин Түрк дүйнөсүнүн ботаникалык бакчасында тигилген бактардын жанына күл дарагы, карагай, көк карагай, акация дарагы, арча, кайың, кара карагай, декоративдик алма дарагы жана башка бактын түрлөрү отургузулду. “Жашыл келечек!” урааны менен ишке ашырылган бул экологиялык демилге жыл бою Чыңгыз Айтматов кампусунда уланат.

Белгилей кетсек, 23-октябрь күнү “Coca-Cola” компаниясы Кыргыз-Түрк “Манас” университетине 100 көчөт тартууламакчы.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları: 

https://www.instagram.com/p/CygW95TtjJL/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haberin Videosu:

https://youtu.be/2WgtUBa1CyI?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү