"Манас" университети факультеттин жолун түрк желегинин түстөрү менен көрктөндүрдү


  • 2023-10-20

Университетибиздин заманбап инфраструктуралык иштери токтобостон уланууда! Кезек Республиканын 100-жылдыгы көчөсүндө.

Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата жаңыланган Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан тарабынан "Республиканын 100 жылдыгы" аты берилген жолдун тротуарлары ак-кызыл түстөргө боёлду.

2023-жылдын 20-октябрында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк менен университеттин кызматкерлери жана студенттердин катышуусунда жүргүзүлгөн сырдоо иштери көчөгө укмуштуудай көрк берди. Республиканын 100-жылдыгы көчөсү "Манас" үй-бүлөсүнүн тилектештик жана берилгендик рухун символдоштурду.

Жаңыланган көчөнүн брусчаткалары ак-кызыл түскө боёлуп, 29-октябрь Түркия Республикасынын күнүнө карата факелдин жүрүшүнө даяр болду.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CyoVPdYtXLF/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haberin Videosu:

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/CyoUTuftCZ6/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү