Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Коомдук иштер жана транспорт министри "Манас" университетин зыярат кылды


  • 2023-10-21

2023-жылдын 20-октябрында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Коомдук иштер жана транспорт министри, профессор Эрхан Арыклы КТМУга келди.

Алгач окуу жайдын Түрк дүйнөсүнүн ботаникалык бакчасына барган профессор Эрхан Арыклы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, ректордун кеңешчилери, профессор Режай Доган, профессор Серхат Бурмаоглу, профессор Олгун Чичек, университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана Ысык-Көл облусунан келген мектеп окуучулары менен бирге көчөт отургузду.

Көчөт отургузуу иштеринде сөз сүйлөгөн айыл-чарба факультетинин деканы, профессор Атилла Дурсун Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата Түрк дүйнөсүнүн ботаникалык бакчасына университеттин профессордук-окутуучулук курамы тартуулаган 100 көчөттү отургузуу уланып жатканын билдирди. Күл дарагы, карагай, көк карагай, акация дарагы, арча, кайың, кара карагай, декоративдик алма дарагы жана башка токой өсүмдүктөрүнүн түрлөрү отургузулганын белгилеп, декан, профессор Атилла Дурсун алар Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин аймагында өскөн өзгөчө өсүмдүктөр экенин баса белгилеп, алдыда бактын дагы башка түрлөрүн тигүүнү пландап жатышканын айтты. Түрк дүйнөсүнүн ботаникалык бакчасы  эс алуу жайына айланып, “Манас” университетинин кызматкерлерине жана студенттерине кызмат берери белгилүү болду.

Арыклыдан жаңыланууну улантып жаткан “Манаска” мактоо сөздөр

Министр, профессор Эрхан Арыклы Түрк дүйнөсүнүн ботаникалык бакчасында көчөт отургузуу иштеринде арадан жылдар өткөн соң "Манас" университетин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Коомдук иштер жана транспорт министри катары зыярат кылганына абдан кубанычта экенин билдирди. Өз сөзүндө университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейланды тынымсыз өзгөрүүлөр жана өнүгүүлөр үчүн кылган чоң аракетин куттуктап жатып, университетте инфраструктуралык жаңыланууларга, заманбап лабораториялардын түзүлүшүнө сыймыктануу менен байкоо салып турганын айтты. Студенттерге заманбап жана ыңгайлуу окуу чөйрөсүн түзүп берген университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Көчөт отургузуудан кийин министр Арыклы университеттин ректоратын зыярат кылды. Зыярат учурунда университеттин эстелик дептерине колун койгон министр Арыклы эл аралык платформаларда окуу жайдын ийгиликтери тууралуу деталдуу маалымат алды. Кыргызстан, Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосунда ишке ашырыла турган кызматташуулардан сөз кылды.

Зыярытынын соңунда министр, профессор Эрхан Арыклы жана “Медиа Манастын” жаңы студияларын кыдырды. “Манас” телеканалында түз эфирдин коногу болгон министр Арыклы “Медиа Манастын” жаңыланып, технологиялык чоң платформага айланганын сөз кылып: “Борбор Азиянын жана Кыргызстандын сыймыгы болгон “Манас” университетинин өнүгүшүнө зор салым кошкон ректор, профессор Алпаслан Жейланды чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргызстандын маданиятын, коомдук түзүлүшүн, тарыхын ийне-жибине чейин билген адам катары “Манас” университетинин эл аралык аренага чыгышына чоң аракеттерди жасады,”-деди.

Министр Арыклы студенттеринин келечегин жарык кылып, түрк элинин тамырына ишенимдүү лидер кылып тарбиялап жаткан “Манас” университетинин жамаатына ыраазычылыгын билдирип: “Түрк элинин ата-журтунда, Кыргызстанга болгон сапарымда бул күндөрү ректор Жейландын жана университеттин меймандостугуна абдан ыраазы болдум,”-деди.

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан дагы министр Арыклынын зыяратына ыраазычылык билдирип, китеп белек кылды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cyqx-ZaNu6N/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

 

    Социалдык медиада бөлүшүү