Манаста “Жашыл келечек” долбоору менен экологиялык туруктуулукка салым кошулду


  • 2023-10-23

2023-жылдын 23-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Coca-Cola компаниясы биргеликте ишке ашырып жаткан «Жашыл келечек» долбоорунун алкагында Чыңгыз Айтматов атындагы кампуста 100 түп көчөт отургузулду.

Көчөт отургузуу иштерине университетибиздин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, ректордун кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу, баш катчы, доцент Октай Өзгүл, айыл-чарба факультетинин деканы, профессор Атилла Дурсун, Coca-Cola компаниясынын гендиректору Фуркан Айдын, компаниянын кызматкерлери, “Манас” университетинин студенттери катышышты.

Өз сөзүндө жашылдандыруунун маанисин баса белгилеген айыл-чарба факультетинин деканы, профессор Атилла Дурсун “Мамлекет жашаш үчүн инсан жашасын, дүйнө жашаш үчүн бактар жашасын” деген сөздөрү менен көчөт отургузуунун социалдык жана экологиялык маанисин бөлүштү. Ошол эле учурда отургузулган бак-дарактарды туруктуу сактоо негизги максат экенин билдирди. “Манас” үй-бүлөсү катары, алар Чыңгыз Айтматов атындагы кампуста отургузулган ар бир көчөт менен келечек муундарга таза дүйнө калтырууга жоопкерчиликтүү экенин билдирди.

Иш-чарада көчөттөрдү отургузууга катышкан студенттер: “Биз келечегибизди жашылдандыруу үчүн бул жактабыз,”-деп кубанычтары менен бөлүшүштү. Муну менен “Манас” университетинин студенттери бул долбоордо салым кошкондоруна сыймыктанышты.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана туруктуулук үчүн жасалган бул алгылыктуу кадам менен келечек муундар үчүн жашоого ылайыктуу дүйнөнү курууга чечкиндүүлүктүн көрсөткүчү болуп, экологиялык аң-сезимге да салым кошулду.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CyvplxXt2DC/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү