“Манас” университетинде электрондук схемалар лабораториясы ачылды


  • 2023-10-14

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин инженердик факультетинде студенттердин практикалык билим жана тажрыйба алуусу үчүн ачылган “Электрондук схемалар лабораториясы” 2023-жылдын 12-октябрында пайдаланууга берилди.

Лабораториянын ачылыш аземине Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Нежмеддин Билал Эрдоган, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, инженердик факультетинин деканы, б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева, электроника жана электр инженерлиги бөлүмүнүн бөлүм башчысы, профессор Өзгүл Салор Дурна катышты.

Лента кесилгенден кийин электроника жана электр инженерлиги бөлүмүнүн бөлүм башчысы, профессор Өзгүл Салор Дурна лабораториянын иштеши тууралуу маалымат берип, студенттердин бул жерден ала турган тажрыйбалары алардын келечектеги инженердик карьерасына чоң салым кошоорун билдирди.

Ошондой эле профессор Өзгүл Салор Дурна: «Электрондук схемалар лабораториясы заманбап технологиянын талаптарына ылайык жабдылган жана студенттерибизге практикалык тажрыйба ээ болууга жардам берет»,- деди.

Бул жаңы лаборатория студенттерге күчтүү окуу чөйрөсүн камсыз кылып, технология тармагында андан ары да алга илгерилөөгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бул маанилүү кадамы инженердик факультеттин студенттеринин жаркын келечегинен кабар берди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бѳлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү