Жан дүйнөбүзгө жарык берген даанышмандарыбыз: Хожа Ахмет Йесеви, Фараби, Абай Кунанбай, Магжан Жумабай сыяктуу көптөгөн баалуу инсандар туулуп-өскөн улуу Түркстан географиясынын маанилүү бөлүгүн түзгөн жана түрк цивилизациясына таандык маданий, тарыхый байлыктарды өтмүштөн бүгүнкү күнгө чейин сактап келе жаткан боордош Казакстан Республикасы 1991-жылы кыйраган Советтер Союзунун курамындагы мамлекет катары 1990-жылдын 25-октябрында өз эгемендүүлүгүн жарыялаган.
Эгемендүүлүк жөнүндө декларация 1991-жылдын 16-декабрында кабыл алынып, Казакстандын эгемендүүлүгүн жарыялоодогу алгачкы чоң жана олуттуу кадам болду.
Буга байланыштуу Казакстандын 33-Республика күнүн куттуктап, казак элинин бар болушу, эгемендүүлүгү, өнүгүшү жана түбөлүктүү болушу үчүн жанын аябаган шейиттерди, Казакстан Республикасын коргогондорду, ветерандарды урмат-сый жана ырайымдуулук менен эскерем.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/Cy0f50qqvA5/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==