“Манас” университетинен “Ак-Ниет” Балдардын социалдык адаптация борборуна зыярат


  • 2023-10-26

2023-жылдын 25-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында “Ак-Ниет” Балдардын социалдык адаптация борборуна жасаган зыяраты үмүт жана сүйүү толгон көз ирмемдер менен коштолду.

Бул атайын иш-чара Туруктуу өнүктүрүү комиссиясы, Саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт департаменти, теология жана айыл-чарба факультеттери менен биргеликте өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн ага окутуучусу, доцент Незахат Жейлан, Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын төрагасы, профессор Кемал Полат, университеттин студенттери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

“Ак-Ниет” Балдардын социалдык адаптация борборунун директорунун ыраазычылык билдирүүсү

Зыяраттын жүрүшүндө Балдардын социалдык адаптация борборунун директору Мукарам Атамырзаева учурда борбордо 3 жаштан 16 жашка чейинки 70ке жакын бала жашап жатканын жана алардын жеке гигиеналык каражаттары жетишсиз болгонун айтып, “Манас” университетинин ректоратына жардам сурап жазган катына оң жооп алганына ыраазычылык билдирди.

Өз сөзүндө Мукарам Атамырзаева борборго берилген жардам балдар үчүн гана эмес, кызматкерлер жана коом үчүн чоң мааниге ээ экенин билдирип, мындай деп улантты: “Сиздин “Манас” университетинде алып барып жаткан баардык иш-аракеттерден кабардарбыз. Айрыкча, кампустун тазалыгы менен кооздугу таасир берип, суктандырбай койбойт. Кампусту айланып жүргөндө өзүбүздү Түркияда жүргөндөй сезебиз. Бүгүн студенттер менен борборубузга келип, бакчабызды “Манас” университетинин кампусундай түркүн-түстүү гүлдөр менен кооздогонуңуз бизди чоң кубанычка бөлөдү”. Сөзүнүн соңунда ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана анын үй-бүлөсүнө бекем ден-соолук, бейкутчулук жана эсендик каалады.

Ректор Жейлан: Балдар- биздин келечегибиз”

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан зыяраттын жүрүшүндөгү билдирүүсүндө: "Биз Кыргызстандын ташын, топурагын, элин, балдарын жана студенттерин аябай жакшы көрөбүз. Балдар-биздин келечегибиз. Аларды коргошубуз керек", - деп  балдардын билим алуусуна жана өнүгүүсүнө маани берерин баса белгиледи. Ошондой эле «Манас» университети “Ак-Ниет” Балдардын социалдык адаптация борборундагы мектеп жашындагы балдардын кыргыз жана түрк тилдеринде билим алып, мыкты тарбияланышына салым кошорун билдирди.

Ректор Жейлан “Манас” университети мындан ары да балдарга үмүт жана сүйүү берүүнү уланта турганын айтып, балдарды окуу жайды зыярат кылууга чакырды.

Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын төрагасы, профессор Кемал Полат зыяраттын себебине токтолуп, балдардын жеке гигиеналык каражаттары (суюк самын, тиш щетка, тиш пастасы ж.б.) менен камсыздагандарын, балдардын жүздөрүндөгү жылмаюуну көргөндө кубанычта болгондорун белгиледи. Ошондой эле университеттин студенттери жатакананын бакчасын тазалап, гүл отургузуп, балдардын таза жана кенен чөйрөдө жашоосуна салым кошуп жатышканын билдирди.

Зыяраттын жүрүшүндө ректор Жейлан балдар менен бирге торт кесип, жагымдуу убакыт өткөрдү.

Эмоционалдуу жана маңыздуу өткөн бул зыярат адамдар ортосундагы тилектештик канчалык күчтүү экенин көрсөттү.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cy2ygYwNhAb/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haberin Videosu:

https://youtu.be/afhpmbLw_MY?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү