ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 100 ЖЫЛДЫГЫ КУТ БОЛСУН! КЫЛЫМДАР БОЮ ЖАШАСЫН...


  • 2023-10-27

“Бир күнү менин момун денем сөзсүз топуракка айланат. Бирок Түркия Республикасы түбөлүк жашайт.”

М. Кемал Ататүрк

Гази Мустафа Кемал Ататүрк жана анын куралдаш жолдоштору менен бирге улуттук күрөшкө катышып, мекен үчүн жанын аябай түрк улутун жакырчылыктан чыгаруу керемети болгон Түркия Республикасынын негизделишинин 100-жылдыгына жетүүнүн кубанычын жана сыймыгын жашап жатабыз. Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгы жана 29-октябрь Республика майрамыбыз куттуу болсун!

1923-жылдын 29-октябрында түрк улутунун жакырчылыкка жана мүмкүнчүлүк жок болгонуна карабастан эпикалык улуттук күрөшүнөн кийин Түркия Республикасынын негизделгени-эгемендүүлүгүбүздүн жана келечегибиздин бекем пайдубалы жана кепилдиги, Түркиянын келечеги түптөлгөн түбөлүк жашай турган эң чоң мурас. 1923-жылдын 29-октябрында түрк улутунун тарыхый жолундагы жашоо күрөшү Түркия Республикасынын жарыяланышы менен таажыланды. Эгемендүүлүк идеясы менен пайдубалы түптөлгөн Түркия Республикасы эгемендүүлүк үчүн күрөшүбүзгө жеңиш алып келген биримдик жана ынтымак рухунун улуу эмгеги.

М. Кемал Ататүрк: «Жаштар, биздин кайратыбызды бекемдеп, сактай турган силерсиңер. Сиз алган тарбия, акылмандык, адамгерчилик менен маданияттын, мекенге болгон сүйүүнүн, ой эркиндигинин эң баалуу үлгүсү болосуз. Өсүп келе жаткан жаңы муун, келечек силерсиңер! Биз республиканы түптөдүк, аны көтөрүп, сактай турган силерсиңер!”-деген сөзүнүн алкагында Кыргыз-Түрк «Манас» университети катары берген убадабызга ылайык, республиканын жетишкендиктерин тынымсыз жана талыкпай өнүктүрөбүз. Жаштарыбызды туусун, улутун, эркиндигин сүйгөн, улуттук-руханий баалуулуктарына берилген, өлкөсүн өнүктүрүүгө жана даңазалоого ат салышкан инсан катары тарбиялайбыз. Биз республиканын баалуулуктарын акырына чейин коргойбуз деп толук ишенебиз. Мына ушул маңыздуу күнү ата-бабаларыбызга аманат болуп калган Республикабызды күндөн-күнгө чыңдоого бардык күчүбүздү жумшайбыз. Өлкөбүздүн атын илимде, техникада, билимде даңазалоо үчүн мындан ары да жан аябастык менен иштей берүүнү улантабыз.

Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгында Республикабыздын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктү жана анын куралдаш жолдошторун, кымбаттуу шейиттерибизди, баатыр ардагерлерибизди, азыркы учурга чейин Чанаккале жана Эгемендүүлүк үчүн күрөштө каармандыктын, жеңиштин ыйык күчү менен бизге мурас болуп калган Республикабызды коргогондорду, ал үчүн шейит кеткендерди, ардагерлерди сый-урмат, ыраазычылык жана ырайымдуулук менен эскеребиз.


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан

 

    Социалдык медиада бөлүшүү