Бишкекте Түркия Республикасынын 100 жылдыгы “Ататүрк” сейил багында белгиленди


  • 2023-10-29

29-октябрь Түркиянын Республика майрамына карата Бишкектеги “Ататүрк” сейил багында Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан гүлчамбар коюу салтанаты өткөрүлдү.

Иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, элчиликтин кеңешчилигинин өкүлдөрү жана кызматкерлери, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги жана студенттери, Кыргызстандагы Түркия элчилигинин Билим берүү кеңешчилигине караштуу мектептердин мугалимдери, окуучулары, уюмдардын жетекчилери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Салтанаттуу азем Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды. Алгач Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган элчиликтин атынан Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюп, бир мүнөт унчукпай туруу менен анын элесин эскерди. Андан соң Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты, Түрк Кызматташтык жана Координация агенттигинин төрагалыгы, Түркия-Кыргызстан ишкерлер коому, Кыргызстандагы Ахыска түрктөр коому гүлчамбарларын коюшту.

Гүлчамбар коюлгандан кийин Ататүрктү, анын куралдаш жолдошторун жана бардык шейит кеткендерди урмат менен бир мүнөттүк эскерүү болуп, гимн ырдалды.

Республика жана билим берүү жаш өспүрүмдүн көзү менен

Иш-чарада Бишкек Түрк мектебинин окуучусу: "Республика бизге теңдик, эркиндик, адилеттүүлүк жана заманбап баалуулуктарды тартууайт. Бул баалуулуктар бизге, окуучуларга чоң жоопкерчиликтерди жүктөйт. Ошондуктан учурдун жаштары катары, өлкөбүздү мындан да алдыга жылдыруу үчүн билимибизге маани беришибиз керек. Билим берүү - республикабыздын кепилдиги. Маалымат алуу укугубуздан пайдаланып, өзүбүздү өзүбүз өнүктүрүп, өлкөбүздүн келечегине салым кошушубуз керек. Түркиянын жаркын келечеги үчүн бирге аракет кылабыз», -деген сөздөрү менен катышуучулардын жүрөгүн толкундантты.

Түркия Республикасынын 100 жылдыгы: Байыркы салтта тамыры кылымдарды карыткан чынар

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган өз сөзүндө Түркия Республикасынын 100 жылдык мааракесин тосуп алуудагы толкундануусун жана сыймыктанганын билдирип, мындай деп улантты: “Тарыхы кылымдарды карыткан, курган цивилизациясы менен муундарга жана элдерге үлгү болгон Түркия Республикасы бүгүн 100 жашка чыгып, байыркы мамлекеттик салтынан жана баатыр элинен алган күч менен кылымдарды карыткан чынардай тамыр жайып отурат.” Элчи Ахмет Садык Доган Түркиянын бул чоң ийгилигинин артында өткөн кылымда из калтырган жана Республиканын жолун ачкан улуттун чечкиндүүлүгү жана эрки экенин баса белгиледи.

Түркия Республикасынын 100 жылдыгы шыктануу жана сыймыктануу менен белгиленди. Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюу иш-чарасы эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cy--W-Zt_RR/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү