Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата иш-чара уюштурду


  • 2023-10-31

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги 30-октябрда Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата иш-чара уюштурду. Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган жана жубайы Мария Доган уюштурган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов баш болгон ар кайсы өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери жана элчиликтердин кызматкерлери, эл аралык уюм жана мекемелердин өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курам жана басма сөз өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын ачылышы эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу менен башталды. Андан соң Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоо билдирүүлөрү көрсөтүлдү.

Президент Режеп Тайып Эрдоган куттуктоосунда өлкөнүн сыймыктуу тарыхына токтолуп, “Жаңы мамлекетибиздин түптөлүшүнө жол ачкан Республикабыздын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрк баш болгон бардык баатырларыбызды сый-урмат менен эскерем,”-деди. Өз сөзүндө Президент “Түбөлүккө турган мамлекет” деген ишеними менен өлкөгө, улутка жана мамлекетке кызмат кылган адамдардын бардыгына ыраазычылык билдирип: “Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн сөзү менен айтканда, бул биздин республикабызды түбөлүктүү кылуу биздин эң негизги милдетибиз,”-деп айтты. Түркиянын жүз жылдыгы максаты менен Республиканын экинчи кылымында түрк улутунун кылымы кылуу үчүн талыкпай эмгектенип жатышкандыктарын баса белгилеп, Түркияда жана чет өлкөлөрдө жашаган бардык жарандарды Республика майрамы менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров да Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан куттуктап, “Түркия акыркы жылдары Евразия жана башка аймактарда тынчтыкты камсыз кылуу жана саясий дипломатиянын мыкты үлгүсүн көрсөтүүдө. Түркия түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого жана түрк мамлекеттеринин арасында интеграция процессине баа жеткис салым кошууда. Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган боордош Түркия Республикасынын экономикалык, аскердик жана башка жетишкендиктерин өзүбүздүн ийгилигибиз деп эсептейбиз жана бул жетишкендиктерге абдан сыймыктанабыз!Түркия Республикасы жүз жыл эмес, миңдеген жылдар бою жашасын!”-деди.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин сөз сүйлөөгө Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган трибунага чакырылды.

Республиканын экинчи кылымын шыктануу жана сыймыктануу менен тосуп алуудан толкунданганын белгилеген элчи Доган өз сөзүндө: “Эгемендүүлүктөн кийин Кыргызстанды биринчи тааныган өлкө Түркия болгон. Тамыры тарыхтагы байланышы, бай маданияты жана чын ыкластуу мамилелердин аркасы менен Кыргызстан менен болгон кызматташтыгын ар тармакта бекемдөөнү улантууда, “-деди.

Доган кызматташууда эң маанилүү тармактардын бири билим берүү экенин баса белгилеп, "Бишкектеги "Маариф" билим берүү комплекси жана КТМУ менен биргеликте кыргыз боордоштору менен кызматташууга сыймыктанабыз,"-деп иш-чарага келген конокторду майрамы менен куттуктады.

Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгы менен куттуктаган КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз сөзүндө: "Бүгүн Түркия дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири. Кыргызстандын бир тууганы жана досу болгон Түркия биздин эл аралык аренадагы эң ишенимдүү өнөктөштөрүбүздүн бири,”-деди.

Мындан тышкары, Байсалов республика мындан ары да түбөлүктүү болуп, мындан да көп ийгиликтерге жетишин каалап, “Республиканын 100 жылдык мааракеси кут болсун! Жашасын Түркия!”-деди.

Иш-чарада Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Түрк дүйнөсү” оркестринин аткаруусу суктандырбай койбоду. Кечеде кең репертуары менен конокторго музыкалык маанай жараткан "Түрк дүйнөсү" оркестри эстен кеткис көз ирмемдерди тартуулады. “Манас” университетинин студенттери аткарган зейбек бийи да көрүүчүлөрдү суктандырды. Эрлан Андашев, Юлия Руцкая, Гүлзада Рыскулова өңдүү белгилүү ырчылар кыргызча жана түркчө ырларды аткарышты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzEi5rItFS0/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү