Ректор Жейлан Андижан мамлекеттик университетинин ректорун иш бөлмөсүндө кабыл алды


  • 2023-11-01

2023-жылдын 1-ноябрында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде “Глобалдык саясатта аймакташуунун жогорулашы жана Түрк мамлекеттеринин уюму” деген аталышта өтүп жаткан III эл аралык Манас форумунун алкагында окуу жайыбызга келген маанилүү окумуштуулардын бири Өзбекстан Андижан мамлекеттик университетинин ректору, профессор Бактияр Расулов "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.

Иш-сапарында меймандостук үчүн ректор Жейланга ыраазычылык билдирген ректор Расулов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттер арасында ишке ашкан илимий иш-чараларга канааттануусун билдирди. Бул маанилүү иш-чаралардын жардамы менен түрк дүйнөсүнүн илим, маданият жана искусство адамдарынын чогултуп, алардын биримдигине материалдык жана руханий салым кошулганы тууралуу сөз кылды.

Чыңгыз Айтматов атындагы кампуска болгон суктануусун жашыра албаганын белгилеген ректор Расулов “Манас” университетинин акыркы жылдардагы өзгөрүүлөргө жеке өзү күбө болгонуна чексиз кубанычта экенин билдирди.

Өзбекстан Андижан мамлекеттик университети Орхун алмашуу программасына тапшыра тургандарын баса белгилеген ректор, профессор Бактияр Расулов жакын арада аталган программа профессордук-окутуучулар курамынын жана студенттердин мобилдүүлүгүнө салым кошорун билдирди. “Биз Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен эки тараптуу кызматташууларга ар дайым даярбыз. QS World University Rankings рейтингинде ТОП-800гө кирген "Манас" университети сыяктуу сапаттуу университет менен билим берүү чөйрөсүндө бирге жүрүү биз үчүн сыймык”, - деди. Жакынкы аралыкта протоколдук келишимдер үчүн кайра келе тургандарын белгилеген Расулов, ректор Жейланды Өзбекстанга чакырды.

Ректор Жейлан сапаттуу жана акысыз билим берген, ар дайым студенттерге багытталган университетибиз аларды колдоого даяр экенин айтып, “Жакын арада иш сапар менен барууну пландаган Өзбекстанда сиздердин конок болуу жана кызматташуу бизди да сыймыктандырат,”-деди.

Достук атмосферасында өткөн иш сапар эки тараптуу белек тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzH3wfktuJc/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү