“Түрк дүйнөсүнүн санариптик жарандык” долбоорунун сабактары башталат


  • 2023-11-02

Бүгүн (2023-жылдын 2-ноябрында) Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Газиантеп университетинин жетекчилигинде башталган “Түрк дүйнөсүнүн санариптик жарандык” долбоорунун 2023-2024-окуу жылынын ачылышынын ачык сабагы болот.

Ачык сабакты Азербайжандын Милли Межлисинин депутаты, профессор Иса Хабиббейли “Түрк дүйнөсүндө Гейдар Алиев” темасында өтмөкчү.

“Манас” телеканалынын YouTube каналында түз эфирден көрүүгө боло турган сабактын ачылыш сөзүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан студиянын коногу катары сүйлөйт.

Сабактын убактысы: 18:00 (Кыргызстан убактысы боюнча)

Сабакка катышуу үчүн шилтеме:

https://www.youtube.com/live/MmG4Nnf9c9c?si=9BbcAOPdvq8hnVc_

    Социалдык медиада бөлүшүү