2023-2024-окуу жылынын Студенттик кеңеш башкармалыгын шайлоо толкундоосу


  • 2023-11-02

Үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас" университетинин ректорлук жыйындар залында 2023-2024-окуу жылынын Студенттик кеңеш башкармалыгынын башкаруу жана текшерүү комитеттерине өкүлдөрдү шайлоо өткөрүлдү.

Шайлоого Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, доцент Камалбек Карымшаков, Студенттик кеңеш башкармалыгынын жалпы комитетинин төрагасы, доц., док. м.а. Серхат Атмажа, Студенттик кеңеш башкармалыгынын мүчөлөрү, факультеттин жана бөлүмдүн өкүлдөрү катышты.

Эки өлкөнүн гимндерин аткаруу менен башталган иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору, доцент Камалбек Карымшаков Студенттик кеңеш башкармалыгы активдүү иш алып барып, университетибиздин өнүгүшүнө чоң салым кошкон иш-чараларды уюштуруп келе жатканын айтып, Студенттик кеңеш башкармалыгынын башкаруу жана текшерүү комитеттерине ыраазычылык билдирди.

Шайлоонун жүрүшүндө университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан 2022-2023-окуу жылындагы Студенттик кеңеш башкармалыгынын алып барган иштерин  баалап, бул жылы башкармалыкка ат салышып жаткан талапкерлерге ийгилик каалады. Университетибиздин ректору, профессор Алпаслан Жейлан мындай деп улантты: “Студенттик жылдардан шайлоолорго катышуу, талапкерлик көрсөтүү мыкты аракет, бирок шайлоодон жеңип чыгуу маанилүү эмес, маанилүүсү күрөшүү, ат салышуу. Бул аракетиңиздерди жогору баалайм.”

Студенттик кеңеш башкармалыгынын жалпы комитетинин төрагасы, доц., док. м.а. Серхат Атмажа шайлоонун жүрүшү, талапкер тууралуу кенен маалымат берди. Анын айтымында, Студенттик кеңеш башкармалыгынын башкаруу жана текшерүү комитеттерине өкүлдөрдү шайлоого жалпы 104 талапкер табыштама жөнөтүп, алардын ичинен 24 талапкердин табыштамасы кабыл алынган. Анда башкаруу комитетине жалпы 16 студент, ал эми текшерүү комитетине сегиз студент талапкерлигин койгон.

Добуш берүүнүн алдында алгач 2022-2023-окуу жылында Студенттик кеңеш башкармалыгынын төрагалык милдетин аткарган Бектурсун Сыдыков жана анын орун басары Бурак Жан бир жыл ичинде аткарылган илимий, маданий, спорттук иш-чаралар тууралуу отчет беришти. Студенттик кеңеш башкармалыгынын башкаруу комитетинин отчетунан соң, текшерүү комитети да окуу жылындагы ишмердүүлүк боюнча отчет беришти.

Ат салышкан талапкерлер өздөрүн тааныштырышып, Студенттик кеңеш башкармалыгынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга байланышкан сунуштарын айтышты.

Шайлоо ачык түрдө өткөрүлүп, факультеттин жана бөлүмдүн өкүлдөрү талапкерлерге добуш беришти.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 2023-2024-окуу жылынын Студенттик кеңеш башкармалыгынын төрагасы болуп ветеринария бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Элдияр Асылбеков жана анын орун басары болуп англис тили жана адабияты бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Бурак Жан шайланды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzJDAnotK9k/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү