ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ


  • 2023-11-02
“Өткөнүн билбеген, келечегин да биле албайт. Өткөндү жакшы билсең, келечекке ишенимдүү кадам таштайсың. Кайдан келгениңди унутпасаң, кайда барарыңды унутпайсың …”
Шейх Эдебали
Урматтуу “Манас” үй-бүлөсү! 
Ар бир улуттун тарыхында көптөгөн жеңиштер, бактылуу учурлар менен бирге азап, кайгы-муңдан аккан көз жаш да жок эмес. Кыргыз элинин тарыхы да чоң жеңиштерге, баатырдык окуяларга, дастандарга бай. Кыргыз эли оор сыноолорду, артка кайтарып алгыс жоготууларды баштан өткөрүп, ал түгүл улут катары жоголуп кетүү коркунучу алдында турган да учурлар болгон. 1916-жылдагы каргашалуу Үркүн окуяларын; совет мезгилиндеги саясий куугунтук, сүргүн, массалык репрессияны; 1938-жылы элибиздин 137 чыгаан уулунун курмандыгын; Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин Мекендин бүтүндүгү үчүн чек араларда жаштардын шейит кетишин тарыхта өлбөс-өчпөс из калтырган трагедияга толгон олуттуу драмалык окуялар деп айтсак болот. Бүгүн (7-8-ноябрь) кыргыздардын даңазалуу тарыхын, орус падышалыгына каршы улуттук боштондук күрөшүндө көз карандысыздык үчүн шейит кеткендерди, тоталитардык режимдин курмандыгы болгон аталарыбызды, Мекенибиздин бүтүндүгү үчүн кан-жанын аябаган жаштарыбызды эскеребиз.
 
Баарыбызга белгилүү болгондой эле, тарыхы жок улут болбойт, тарыхы бар гана эл улут болуп жашайт, анткени улут ата-тегинен дем-күч алат. Кыргыз-Түрк “Манас” университети уникалдуу салтка жана баалуулуктарга толгон кыргыздын тарыхын; Кыргызстандын азаттыгы үчүн күрөштө жанын берген, анын бакубаттуулугу үчүн талыкпастан эмгектенген Абдыкерим Сыдык уулу, Мурат Салихов, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахман уулу, Эркинбек Эсеналиев жана Төрөкул Айтматов сыяктуу тарыхый инсандарды эч качан унутпайт. Кыргыз элинин тарыхын жана ата-бабалардан калган аманаттарды коргоп, келечектеги жаш муундарга өткөрүп берүү  биздин эң башкы милдетибиз. Кыргыз элинин жаштары өз тарыхын жакшы билип, ата-бабаларын тааныган сайын, өздөрүнө болгон ишеними артып, келечекке карай бекем кадамдарды таштап, Кыргызстандын түбөлүк эркин, көз карандысыз жана бардык жактан өнүккөн өлкө болушу үчүн талыкпастан эмгектенишет. Кыргыздын даңазалуу тарыхы жаштарга жол көрсөткүч жана жаркын келечектин ачкычы болуп кала бермекчи.
 
Учурдан пайдаланып, кыргыз улутунун жашашы, эркиндиги, азаттыгы, бакубаттыгы жана түбөлүк бар болушу үчүн жанын аябай Кыргыз Республикасын жана кыргыз элинин тарыхын коргоп жатып шейит кеткендерди, ардагерлерди сый-урмат, ыраазычылык жана дуба кылуу менен эскеремин.
 
Профессор, ректор Алпаслан Жейлан   
 
 
    Социалдык медиада бөлүшүү