Билим берүү жана илим министри Кендирбаевага зыярат


  • 2023-11-03

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеваны зыярат кылды. Сентябрь айында дайындалган министр Кендирбаевага куттуктоо сапары менен барган ректор Жейлан жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

“Манас” университетинин Кыргызстандагы жогорку билим берүү тармагына кошкон салымы талкууланган сапарда Кыргызстандын тарыхта биринчи жолу QS сыяктуу калыс институттун тастыктаган эл аралык ийгилиги Кыргызстан үчүн абдан оң натыйжаларды жаратканы баса белгиленди.

Зыяраттын жүрүшүндө эл аралык стандарттарда сапаттуу жана акысыз билим берген Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жалпы көйгөйлөрү тууралуу сөз болду. Министр Кендирбаева дүйнөлүк деңгээлде таанылган окуу жайлардын критерийлери боюнча окуудагы жетишкендиктери менен суктандырган “Манас” университетинин көйгөйлөрүнө байланышкан зарыл иштер баштала турганын билдирди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzRBuMKtmrt/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү