“Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоорунун жаңы семестринин ачылыш баяндамасын ректор Жейлан жасады


  • 2023-11-05

2021-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Газиантеп университетинин жетекчилигинде башталып, түрк дүйнөсүнүн 15 аймагындагы 135 университеттин кызматташуусунда иш алып барган “Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоору жаңы семестрди баштады. 

Түрк дүйнөсүнүн ыктыярчылык негиздеги эң ири социалдык-маданий долбоорунун 2023-2024-окуу жылынын ачылыш сабагы "Манас" телеканалында түз эфирде көрсөтүлдү.

Ачылыш сабак программасынын ачылыш баяндамасын КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жасады. Ректор Жейлан жаңы семестрдин башталышы менен куттуктап, долбоор тууралуу буларга токтолду: “Манас” университети катары биздин эң чоң максатыбыз–жаштарыбызга билим берүү; аларда биримдик, ынтымак, бир туугандык сезимдерин ойготуу жана ошол сезим менен чоңоюшун камсыз кылуу. Бул долбоордо биздин негизги максатыбыз жаштарыбыздын биримдиги болчу. Анткени алар бизге келечектин аманаты. Ошондуктан жаштарыбыздын буга ээ болушу бизди абдан кубандырды.”

“Түрктөрдү тарых китебинен алып салсаңар, мукабасы бош калат”

Өз сөзүндө долбоор менен жаштарда өнүгүп жаткан тарыхый аң-сезимди баса белгилеген профессор Жейлан: “Түрктөрдү тарых китебинен алып салсаңар, мукабасы бош калат,”-деген сөзү менен мындай деп улантты: “Санариптик чөйрөдө чогулган жаштар, маданий окшоштуктарды түшүнүү менен түрк дүйнөсүнүн келечегин элестетүү менен орток негизде иш-аракет кылуу жөндөмдөрүн өнүктүрүштү. Долбоор аркылуу түрк маданиятына кызыккан жаштардын тарыхый жана улуттук өздүк аң-сезими жогорулады. Бул биздин келечекке болгон ишенимибизди жана үмүтүбүздү арттырды.”

Түрк дүйнөсүнүн келечектеги интеллигенция өкүлдөрү

Ректор Жейлан сөзүн жыйынтыктарда студенттерге кайрылып: "Сүйүктүү жаштар, бул жактан ала турган сабактар ​​сиздерге түрк дүйнөсүнүн инсаны катары гана эмес, түрк дүйнөсүнүн интелегенция өкүлдөрү катары да өсүүгө мүмкүнчүлүк берет,"-деди жана Түркиянын 100 жылдыгы түрк дүйнөсүнүн да жүз жылдыгы болот деген ишеним менен колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Түрк кылымын көздөй кадам: Азербайжан жана улуу жол башчы

Долбоордун жаңы семестри “Түрк кылымын көздөй кадам: Азербайжан жана улуу жол башчы” темасында Азербайжандын координациясында башталды. Долбоордун биринчи коногу Азербайжандын Милли Межлисинин депутаты, профессор Иса Хабиббейли болду. Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын президенти, профессор Иса Хабиббейли ачылыш сабакта “Түрк дүйнөсүндө Гейдар Алиев” темасында баяндама жасады.

14 жумалык онлайн программага катышып, мыкты ийгиликтерди көрсөткөн студенттерге ар кандай белектер бериле турган долбоор тууралуу маалымат берген профессор Хабиббейли, ачылыш сабакты өткөн профессор Алпаслан Жейлан менен достук мамиледе экенин айтып, “Манас” үй-бүлөсүнө ыраазычылыгын билдирди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Ачылыш сабагы: https://youtube.com/live/MmG4Nnf9c9c

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzQ4raKNo7A/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү