“Манас” университети 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата “Ата-Бейитте” чогулуп, бир туугандык байланышты бекемдеди


  • 2023-11-05

2023-жылдын 3-ноябрында “Манас” үй-бүлөсү “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнүн алкагында  иш-чара өткөрдү.

Бул өзгөчө жана мазмундуу эскерүү программасына Бишкектеги элчиликтин кеңешчилигинин өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, ректордун кеңешчилери, профессор Режай Доган, профессор Серхат Бурмаоглу, баш катчы, доцент Октай Өзгүл, Кыргызстандагы Ахыска түрктөр коомунун төрагасы Атамша Дурсунов,  профессордук-окутуучулук курам, административдик кызматкерлер, студенттер жана басма сөз өкүлдөрү катышты.

Бир туугандыктын жана достуктун символу болгон көз жоосун алган жөө жүрүш

 “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин кире беришинде  чогулган катышуучулар туулардын, репрессия курмандыктарынын сүрөттөрүнүн жана тарыхый аң-сезимге басым жасаган транспаранттардын  коштоосунда мемориалга чейин жөө басышты. “Ата-бейиттин” көркөм атмосферасында өткөн өзгөчө таасир калтырган бул жөө жүрүш биримдиктин, ынтымактын символу гана болбостон, кыргыз-түрк боордоштугунун жана достугунун күчүн дагы бир жолу көрсөттү.

Жөө жүрүштөн соң “Манас” үй-бүлөсү 1938-жылдагы репрессиянын курмандыктарын эскерип, “Ата-Бейит” эстелигине жана Чыңгыз Айтматовдун мемориалына гүлчамбар коюшуп, куран окушту. Андан соң эки өлкөнүн гимндери аткарылып, ачылыш сөздөрүнө орун берилди.

Өз сөзүндө профессор Анварбек Мокеев “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору Болот Абдырахманов ыраазычылык билдирип, мындай деди: “Болот агай бул тарыхый окуяны ийне-жибине чейин изилдеп, шейит кеткен ата-бабаларыбыздын сөөгүн таап, аны элге жарыя кылууда опол тоодой эмгек жаратты.”

Иш-чара “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору Болот Абдырахмановдун “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” темасындагы ачык сабагы менен уланды.  

“Мен үчүн “Ата-Бейит өзгөчө ыйык жер, анткени 1991-жылдан бери “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси менин тагдырыма аябай тыгыз байланды,”-деген , тарых илимдеринин доктору Абдрахманов репрессиянын курмандыктарынын сөөктөрүн казуу иштери тууралуу айтып берди. Ошондой эле “Ата-Бейиттин" сырын ачкан Бүбүра Кыдыралиева тууралуу сөз кылды жана  университеттин жетекчилигине студенттерди курман болгондордун элесине таазим кылуу жана эскерүү максатында “Ата-Бейитке” зыярат уюштурулганына ыраазычылык билдирди.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова куту көтөрүлгөн ыйык жер - “Ата-Бейитке” келген сайын терең сезимдерге дуушар болорун айтып, мындай деп улантты:  “Кыргызстандын эгемендүүлүгүн, тилин, дилин, маданиятын, мурасын сактап калуу, элинин туусун желбиретүү үчүн кан-жанын аябай берген жолунун күбөсү. Биздин муун үчүн бул жердин тарбиялык мааниси зор”.

Теңир-Тоонун этегинде туугандык жана достук көпүрөсү

Андан соң трибунага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан сөзүн атактуу акын Митхат Жемал Кунтайдын “Он беш жылдыкты тосуп алуу” аттуу ырынын акыркы куплетиндеги “Тууну туу кылган анын үстүндөгү кан/ Топурак-мекен үчүн курман болгон бар болсо топурак” саптарын окуу менен баштады. Ректор Жейлан окуган ыр саптарын коштогон студенттердин үнү “Ата-Бейитте” эмоциялуу көз ирмемдерди жаратты.

Ректор Жейлан сөзүн Чыңгыз Айтматовго шилтеме берүү менен буларга токтолду: “Маңкурт болсок дүйнө эли болобуз, маңкурт болсок мекенибиз дүйнө болот. Өздүгүбүз жок, маданиятсыз, ыймансыз жаштар болобуз.”

“Манастан” Түрк дүйнөсүнүн интеллигенция өкүлдөрү өсүп чыгууда

Ректор Жейлан “Манас” университетинин илим тармагындагы жетишкендиктерин баса белгилеп: "Манас университети илим жагынан дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин бири экенин далилдеди. Бирок бизге илим эле жетиштүү эмес. Биз өзүбүздүн билимибизди маданиятыбыз, акылмандыгыбыз жана ишенимибиз менен айкалыштыра алсак гана ошондо жеңиш биздики,”-деди жана буларга токтолду: “Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, “Манас университети – тарыхтын бир белеги”. Жыл сайын “Манас” үй-бүлөсүнөн миңдеген жаштарды түрк дүйнөсүнүн интеллигенция өкүлдөрү катары тарбиялап келебиз. Бул жактагы кыргыз интеллигенттерибиз мекен үчүн курман болушкан, бирок алар өлүшкөн жок, тирүү.”

Ректор Жейлан Теңир-Тоонун этегинде жайгашкан “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги керемет атмосферасынан сөз кылып, студенттерге кайрылып: “Мекен үчүн кан-жанын аябаган кыргыз интеллигенттери кайда?”-суроосуна студенттердин “Бул жерде!”-деген шыктануу менен жооп бергендери “Ата-Бейитте” жаңырды.

Ректор Жейлан Хажы Бекташ-ы Велинин “Бир бололу, ири бололу, жигердүү бололу»!”-деген насаат сөзү менен жыйынтыктады.

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан эки өлкөнүн желектерине терең урмат көрсөтүп, таазим этүү менен аземди жыйынтыктаганы эмоциялуу учурларды жашатты. “Ата-Бейиттеги” бул керемет атмосфера тарыхый байланыштарды мындан ары да чыңдоого өбөлгө болду.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzMA8gGKGR4/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

https://www.instagram.com/p/CzOj-FsNgKd/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/CzLv9Veteaz/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

https://www.instagram.com/reel/CzO4pPLt3fb/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү