“Манас" университетинин туризм факультети "Туризмге кош келдиң!" иш-чарасын өткөрдү


  • 2023-11-06

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин туризм факультети 1-курстун студенттерине факультет тууралуу маалымат берип, профессордук-окутуучулук курам менен тааныштыруу максатында салтка айланган "Туризмге кош келдиң!" иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чара Маданият жана конгресс жыйындар залында 2023-жылдын 2-ноябрында ѳтүп, ага университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, туризм факультетинин деканы, профессор Ясин Бойлу, декандын орун басары, доцент Гүнтекин Шимшек, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан ѳз сѳзүндѳ туризм факультети Борбор Азиядагы туризм боюнча билим берген абройлуу факультеттердин бири экендигин белгилеп, келечекте факультетке маанилүү инвестиция тартыла турганын билдирди. Ошондой эле Кыргызстан туризмди жана эс алууну эл аралык деңгээлде өнүктүрүү үчүн табигый, тарыхый жана маданий жактан өтө чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин жана студенттерге мындай мүмкүнчүлүктѳрдѳн пайдалануу жана талапка ылайык адис болуу керектигин айтты.

Туризм факультетинин деканы, профессор Ясин факультетте бул иш-чара жыл сайын ѳтүп, салтка айланып калгандыгын жана атайын убактысын бѳлүп келген университеттин ректоруна жана конокторго ыраазычылык билдирип, студенттерге ийгилик каалады.

Декандын орун басары, доцент Гүнтекин Шимшек туризм факультети тууралуу маалымат берип, студенттерди профессордук-окутуучулук курамы менен тааныштырды. Доцент Гүнтекин Шимшек туризм факультети учурда Борбор Азияда туризм багыты боюнча абройлуу факультеттин бирине айланганын жана биздин студенттер анын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тынымсыз жаңы ыкманы үйрѳнүүгѳ умтулуп жатышканын белгиледи.

Иш-чарага чакырылган туризм факультетинин бүтүрүүчүлөрү студенттерге учурда иштеп жаткан компания жана кызматы тууралуу айтып, тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Бүтүрүүчүлөр "Манас" университетинин туризм факультетинде туризм багыты боюнча сапаттуу билим берилерин жана факультет өзгөчө шарттарга ээ экендигин баса белгилеп, студенттерди бул шарттарды туура пайдаланууну кеңеш кылышты.

Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бѳлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzTLDr2tUDM/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү