РЕКТОР, ПРОФЕССОР АЛПАСЛАН ЖЕЙЛАНДЫН 10-НОЯБРЬ АТАТҮРКТҮ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮНДӨ БИЛДИРҮҮСҮ


  • 2023-11-09

 “Эгер мени жакшы көрүп, түшүнсөңөр, кофейняларда эмес, лабораторияларда таң атыргыла. Чачыңарды илим агартсын, илим чөйрөсүндө болгула.”

Атадан кат

 

Бүгүн Түркия Республикасынын негиздөөчүсү, бүт өмүрүн улутуна жана идеалдарына арнаган, көз карандысыздык үчүн күрөшүп, туткунда эзилген улуттарга дем-күч берген Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканына 85 жыл толду.

Кыраакылыгы жана чечкиндүүлүгү менен түрк жана дүйнө тарыхында маанилүү орунга ээ болгон Ататүрктүн күтүүсүз жарык менен кош айтышканы түрк элин терең кайгыга салып, таасирлентти жана бүткүл дүйнөгө кеңири таасир эткени талашсыз.

Түркия Республикасынын 100 жылдыгында Ататүрк тартуулаган заманбап цивилизацияларга жетүү жолунда өлкөбүз жана түрк дүйнөсү дагы да өсөт жана келечектеги күчтүү Түркия жана түрк дүйнөсү катары алдыдагы кылымды Түркия/Түрк кылымы кылат. Бул биримдик эзилген улуттарга үмүт берип, аккан кан жана көз жаштарын токтоткон мээрим сунган кол болот.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары мойнубуздагы милдеттерди аңдоо менен Ататүрктүн: “Түрк баласы ата-бабасын тааныган сайын чоң нерселерди жасоого күч-табат,”-деген накыл сөзүнө ылайык жаштарыбызга тарыхты жана баалуулуктарды үйрөтүү, Республикабыздын негизги баалуулуктарын коргоо жана жетишкендиктерин арттыруу менен өлкөбүздү жана түрк дүйнөсүн татыктуу болгон заманбап деңгээлге көтөрөбүз деп ишенебиз. Келечектеги муун мойнундагы өз милдеттерин жана жоопкерчиликтерди аткарарына толук ишенем.

Жогорудагы ойлор жана сезимдер менен дүйнөдөн ѳткѳнүнүн 85 жылдыгында Гази Мустафа Кемал Ататүрктү жана шейиттерибизди, ардагерлерибизди ырайымдуулук жана ыраазычылык менен эскерем.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан

    Социалдык медиада бөлүшүү