“Манас” университети Ташкент мамлекеттик цивилизация жана искусство институтунун окутуучулары жана магистратура, докторантура программаларынын студенттери менен жолугушту


  • 2023-11-10

2023-жылдын 10-ноябрында Ташкент цивилизация жана искусство институтунун окутуучулары жана магистратура, докторантура программаларынын студенттери университетибизге келишти. Эки тараптуу кызматташтыктын алкагында келген делегация көркөм өнөр, коммуникация, туризм факультеттерин жана колдонмо математика жана информатика бөлүмдөрүндө болушту. Андан соң Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын иш бөлмөсүн зыярат кылышты.

Иш сапардын жүрүшүндө “Манас” университети студенттерге багытталган университет экендигин жана бул университетте окуган. иштеген ар бир адам өз оюн эркин айта алганын белгил ректор, профессор Алпаслан Жейлан делегациядан университетибиз тууралуу пикирлерин сурады.

Окутуучулар жана студенттер "Манас" университетинин инфраструктурасы аларга абдан жакканын, дүйнөлүк стандарттагы мындай заманбап университеттин акысыз билим бериши бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканын белгилешти. Буга кошумчалай, Ректор Жейлан алдыдагы семестрде чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомдорго бөлүнгөн квотанын көбөйтүлөөрүн сүйүнчүлөдү. Муну менен "Манас"университети Өзбекстандан дагы көп келген студенттер үчүн билим берүү борбору болорун билдирди.

Ректор Жейлан университетибиздин студенттерди кабыл алуу сынактары тууралуу да кеңири маалымат берди.

Бул иш сапарда ректор, профессор Алпаслан Жейлан Өзбекстандын башка университеттери менен эки тараптуу кызматташууга чакырып, буларга токтолду: “Өзбекстандан келе турган бардык университеттер үчүн биздин эшигибиз ачык. Биз алар менен университетибизде жолугушууга кубанычта болобуз. Дүйнөнүн алдыңкы 1000 университетинин катарына кирген “Манас” университети менен кызматташуу алар үчүн да абдан жемиштүү болот. Биз боордошпуз, ар дайым ынтымакта болушубуз керек.”

Иш сапар эки тараптуу белек тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzeMzmyN2fH/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү