КТМУда Тоолуу Карабактагы жеңиштин үч жылдыгы белгиленди


  • 2023-11-11

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 8-ноябрь Азербайжанда Карабак үчүн болгон согуштагы жеңиштин үч жылдыгына жана 9-ноябрь Азербайжандын Мамлекеттик желегинин күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чара курман болгондорду 1 мүнөттүк эскерүү, кыргыз, түрк жана азербайжан элинин улуттук гимндеринин жаңырышы менен башталды. Андан соң Тоолуу Карабак тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.
Иш-чарага Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, КРнын легендарлуу парламентинин төрагасы, Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкулов, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, э.и.к Бактыгүл Каламбекова, элчиликтен чакырылган дипломатиялык ѳкүлдѳр, окуу жайдын академиялык жана административдик кызматкердери катышты.
Иш-чараны окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан ачып, Азербайжанда Карабак үчүн болгон согуштагы жеңиштин үч жылдыгын кызуу куттуктады. Ал бул жеңиш бир гана Азербайжандын эле эмес, бүтүндѳй түрк тилдүү мамлекеттеринин жеңиши болуп саналарын жана Карабактагы 44 күндүк куралдуу кармашта баатырлардын эрдигине таазим кыларын билдирди. 
Ошондой эле ректор өз сөзүндө: -“Улуу жол башчы Гейдар Алиев баштаган күрөш жана президент Ильхам Алиевдин аракеттери Азербайжандын бул акыркы согуштан жеңишке жетишүүсүнө шарт түздү. Бул жеңиште Түркия менен Азербайжан бири бирине көмөктөшүп, колдоду . Бул жеңиш «бир эл, эки мамлекет» деген ураанга толугу менен туура келет. Президентибиз Режеп Тайып Эрдоган Түрк мамлекеттери уюмунун 10-саммитинде баса белгилегендей, Түрк дүйнөсүн ар тармакта күчтүүрөөк жана ар түрдүү чакырыктарга туруштук бере турган жана туруктуу кылууну максат кылуудабыз.  Бул жеңиш бизге эч бир күчтүн биздин биримдигибизге жана ынтымагыбызга каршы тура албастыгын көрсөттү”, деп айтып келип, Карабак Жеңиши 10-ноябрга туура келгенин, бирок азербайжан эли бул күн Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнѳдѳн кайткан күнүнѳ дал келгенин эске алуу менен Жениш күнүн 8-ноябрда майрамдап калганын кошумчалап, түрк мамлекеттеринин биримдик ичинде тарыхка жана ата-бабаларга бирдей сый урмат кѳрсѳтүп жатышын бир туугандыктын мактанаарлык мисалы катары белгиледи.
Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов «Манас» университетинде түрк калктары менен жолугушуп жатканына кубанычта экенин билдирип, төмөнкүлөрдү кошумчалады: «Бул жыл Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 100 жылдыгын куттуктадык, ошону менен бирге бүгүн Азербайжандын жеңиш майрамын куттуктап жатабыз. Бул жеңишти алууга ѳлкѳ башчыбыз Ильхам Алиевдин салымы чоң жана түрк калкынын керектүү учурда жардамга келүүсү бизге Карабакты жеңиш менен алууга салым кошту. Мына ушундай маанилүү майрамды жана жеңишти түрк калкы чогуу майрамдап жатканыбызга бактылуубуз», -деди элчи.
Азербайжандын Жеңиш майрамы менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган да куттуктап: «Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган айткандай, Карабак Азербайжандыкы жана ал түбөлүк Азербайжандыкы болот. Түрк дүйнөсүнүн эгемендигинин кепилдиги - түрк дүйнөсүнүн биримдиги жана бүтүндүгү. Азербайжан менен болгон тарыхый достук байланыштарыбыз чындыгында бүткүл түрк дүйнөсү менен биримдигибиздин жана тилектештигибиздин жарыгы болуп саналат», - деген пикирин айтты. 
Андан кийин КРнын легендарлуу парламентинин төрагасы, Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкулов Азербайжан мамлекетин Жеңиши менен куттуктап, ушул күндүн кубанычын тең бөлүшөрүн билдирди. Ал Азербайжандын согуштагы ийгилигине бүткүл түрк элдеринин жардамы бар, мындай согуш мындай тарых кайталанбасын деген ниетин билдирди.
Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.
Эске салсак, Карабактагы согуш 2020-жылы 27-сентябрда башталып, 9-ноябрдын түнүндө токтотулган. 10-ноябрда Москванын ортомчулугу менен Баку менен Ереван ок атышууну токтотуу келишимине кол коюшкан. Келишимге ылайык, Азербайжан 1990-жылдары Армения ээлеп алган аймактарын кайтарып алган. Жети районду жана Тоолуу Карабактын бир бөлүгү Азербайжандын көзөлөмүнө өткөн. Анын ичинде Шуша жана Гадрут шаары бар.
Согуштун жыйынтыгын Азербайжан жеңиш катары кабыл алган. Президент Ильхам Алиевдин чечими менен 8-ноябрь Азербайжанда Жениш күнү катары белгиленген.


ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzgrKYtN166/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA

Video:

https://youtu.be/vvBi0Zkb7jE

    Социалдык медиада бөлүшүү