Студенттик кеңеш башкармалыгы 10-ноябрь Ататүрктү эскерүү иш-чарасын өткөрдү


  • 2023-11-13

2023-жылдын 10-ноябрь күнү "Манас" университетинин К. Тыныстанов атындагы жыйындар залында Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтышынын 85 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Улуу лидердин жаркын элесине арналган иш-чараны "Манас" университетинин Студенттик кеңеш башкармалыгы уюштурду.

Иш-чара бир мүнөттүк эскерүү менен башталып, андан соң эки өлкөнүн гимндери аткарылды.

Эскерүү программасына КТМУнун гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн доценти Незахат Жейлан, тышкы байланыштар координатору, профессор Кемал Полат, студенттик жатакана мүдүрү жана кесиптик жогорку мектептин мүдүрүнүн орун басары, доц., док. м.а. Серхат Атмажа жана студенттер катышты.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн тарых бөлүмүнүн доценти Незахат Жейлан Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн балалыгынан баштап өмүр таржымалы тууралуу кыскача маалымат берип, мындай деп баса белгиледи: “Өлкөсү, улуту, эли-жери үчүн жанын аябай күрөшкөн улуу лидер бардык эле улутка насип боло бербейт.”.

Доцент Незахат Жейлан аялдарга тандоо жана тандалуу укугунун Ататүрктүн жардамы менен берилгенин, улуу лидердин жаштыкка, жаштарга өзгөчө маани бергенин айтып, ага  түрк жаштары, жалпы түрк эли карыздар экенин белгиледи.

“Сиздердин дагы лидер катары өсүшүңүздөрдү каалайбыз,”-деген тарых бөлүмүнүн доценти Незахат Жейландын сөзүнөн кийин студенттер “Мустафа Кемалды ойлоп жатам”, “Атага кат” аттуу ырларды көркөм окушту.

Иш-чара Студенттик кеңеш башкармалыгы тарабынан даярдалган күндүн маанилүүлүгүн даңазалаган Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн Түркия Республика үчүн кылган эбегейсиз эмгеги, иш-аракеттери жана реформаларын тууралуу кыскача баяндаган “Ататүрк” аттуу даректүү тасманы көрсөтүү менен жыйынтыкталды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzeWrN3tesk/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү