"Роль оюндар күнү” тренинги өткөрүлөт


  • 2023-11-15
Сүйүктүү студенттер!
 
Сиздерди “Роль оюндар күнү” аттуу кызыктуу тренингге катышууга чакырабыз!
Тренинг группалык форматта өткөрүлүп, төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт: 
 
* Cизге азыркы учурда маанилүү болгон муктаждыктарды аныктоо;
* Көнүмүш мейкиндиктен чыгуу ыкмаларын үйрөнүү;
* Заманбап ыкмаларды үйрөнүү жана колдонуу;
* Өзүңүзгө болгон көз карашты өзгөртүү;
* Ички ресурстарды аныктоо жана алардын үстүнөн иштөө;
* Жан дүйнөңүздү тыңшоо, кайтарым байланыш түзүү;
* Дене менен аң-сезимдин ортосундагы байланышты аныктоо, сезүү;
* Мамиле куруудагы интерактив чеберчиликти өнүктүрүү;
* Жашообуздагы ролдордун маанисин аныктоо
 
Күнү: 23-ноябрь 2023-ж
Убактысы: 14:00
Жери: Ч. Айтматов кампусу, жатакана А блок, 103- кабинет. Башкы корпус, A-Z 18- кабинет, Студенттердин инсандык өнүгүү жана кеңешүү борбору
 
@psychologists.ktmu
 
    Социалдык медиада бөлүшүү